Коркпой-үркпөй сындадык. Ыктыярчылар Жээнбековго эмне сунуштаганын айтышты

© Пресс-служба президента КР / Султан ДосалиевВстреча президента КР Сооронбая Жээнбекова с волонтерами
Встреча президента КР Сооронбая Жээнбекова с волонтерами - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Бүгүн президент Сооронбай Жээнбеков COVID-19 менен күрөшүүдө элге жардам берип жүргөн ыктыярчылар тобунун 12 өкүлүнүн сунуш-пикирлерин укту. Жолугушуу Ак үйдө өтүп, үч саатка созулган.

Sputnik Кыргызстан ыктыярчылар менен байланышып, мамлекет башчыга эмне айтканын сурады.

Алар сунуш берүү менен эле чектелбей, учурда болуп жаткан ачуу чындыкты ажонун бетине айтып чыкканын белгилешти. Жээнбеков айрым маселелерди жеке өзүнүн көзөмөлүнө алган.

Адамдын жүзүнө түкүргөн уурулук

Эркин Рыскулбеков, алып баруучу

© Пресс-служба президента КР / Султан ДосалиевАлып баруучу Эркин Рыскулбеков
Коркпой-үркпөй сындадык. Ыктыярчылар Жээнбековго эмне сунуштаганын айтышты - Sputnik Кыргызстан
Алып баруучу Эркин Рыскулбеков

Жолугушуудан чыккандан кийин мен биринчи кезекте эркиндикти ушунчалык сүйгөн, мамлекеттин биринчи адамынан коркпой-үркпөй сын айткан жаштары бар өлкөдө жашап жатканыма аябай сыймыктандым. Жаштар бизге жакшы жашоону орнотуу үчүн чын жүрөктөн күрөшүп жатышат. Сын-пикирлерин президенттин бетине айтышты. Ал саясат аралашкан эмес, конструктивдүү сын эле. Жээнбеков аны туура кабыл алып, залда айтылган сындын баары орундуу экенин моюндады.

Мен адамдын жүзүнө түкүргөн уурулук болуп жатканын айттым. Жеке коргонуу каражаттарын, өпкөнү жасалма дем алдыруучу аппараттарды жогорку баада сатып алынышын мисал келтирдим. Президент бул нерсени жеке көзөмөлүнө алууга убада берди.

Ошондой эле маалыматты манипуляциялоо жөнүндө мыйзамды артка кайтарууну сурандым. Ал бул мыйзам жакында эле кароосуна келип түшкөнүн, карап чыгып сөзсүз жооп берерин билдирди.

Социалдык тармактын колдонуучуларынын жакынкы күндөрү пандемияда каза болгондор боюнча жалпы улуттук аза күтүү күнүн жарыялоо өтүнүчүн жеткирдим.

Биз бүлдүргүч эмес, жардам бергичпиз

Урмат Насыкулов, "Биз барбыз" штабынын жетекчиси

© Пресс-служба президента КР / Султан Досалиев"Биз барбыз" штабынын жетекчиси Урмат Насыкулов
Коркпой-үркпөй сындадык. Ыктыярчылар Жээнбековго эмне сунуштаганын айтышты - Sputnik Кыргызстан
"Биз барбыз" штабынын жетекчиси Урмат Насыкулов

Мамлекет башчыдан медиктерге убадаланган компенсацияны төлөөгө көзөмөл кылышын сурандым. Өкмөт коронавирус жуктуруп алгандарга 200 миң сом, каза болсо 1 миллион сом берилерин айткан. Ал эми кызыл зонада иштеген дарыгерлерге 46 миң сомго чейин кошумча акы төлөрүн убада кылган. Бирок бизге чалып арызданган медиктер көп болууда.

Ишкерлер же эл каражат чогултуп медициналык жабдууларды, дары-дармек алып келгенде тоскоолдук жараткан бажыдагы бюрократияны жоюуну өтүндүм.

Медицина кызматкерлерин жана ыктыярчыларды сапаттуу жеке коргонуу каражаттары менен камсыздаш керек. Ушунун айынан да медиктерге оору эң көп жуккан өлкөлөрдүн катарына кирип калдык деп эсептейм.

Укук коргоо органдары дарыгер, журналист, блогерлерге кысымын күчөтүп, абийирин кетирип жатканын эскерттим. Президент эл пикирин ачык айтышы керектигин белгилеп, муну жеке көзөмөлүнө аларын айтты.

Ыктыярчылар "бүлдүргүч, жоготкуч эмес, жардам бергичпиз" дедик. Президент жакын арада дагы жолугушуу болорун айтты. Ошондо бүгүнкү сунуштарыбыз кандай чечилип жатканына жооп алабыз. Мен "сизге маалыматтар түз жетпей жатат" деп президенттин алдында ыктыярчылардын улуттук кеңешин түзүүнү сунуштадым. Биз эч нерседен коркпой-үркпөй болгонун ачык-айкын айтып турабыз. Сооронбай Шарипович бул демилгени абдан жактыруу менен колдоду.

Аягында аппарат башчысынын орун басары Алмаз Кененбаев чакырып, кызматташууга ар дайым эшиги ачык экенин айтты. Негизинен бүгүнкү жолугушуу жеке мен үчүн жакты. Бул жемишин берерине ишеним бар.

Жети облуска мамлекеттик дарыкана ачуу

Анжелика Кайратова, ырчы

Ыктыярчылар болгон бугун чыгара элдин кайрылуусун жеткирип, ызаланып, ачуу чындыкты бетке айтып, дароо жооп алдык.

Бүгүн келген ыктыярчылардан "Улуттук кыймыл" түзүлүп, биз түзмө-түз ажонун аппараты менен иш алып барууга WhatsApp группасы дагы ачылды.

Менин негизги сунушум мамлекет тарабынан жети облуска тең социалдык дарыканаларды ачуу болду. Ал жерге дары-дармектин баарын алып келип, бирдей баада сатышы абзел. Мындан сырткары, доктурларга иммунитетин көтөрө турган витаминдерди берүү керектигин айттым.

Посмотреть эту публикацию в Instagram

Публикация от Кайратова Анжелика (@anjelika_kairatovna_official)

"Ысык-Көл" мейманканасын стационар кылуу керек

Тынчтык Алтымышев, "Элден элге", "Элдик медиктер" кыймылдарынын координатору

© Пресс-служба президента КР / Султан Досалиев"Элден элге", "Элдик медиктер" кыймылдарынын координатору Тынчтык Алтымышев
Коркпой-үркпөй сындадык. Ыктыярчылар Жээнбековго эмне сунуштаганын айтышты - Sputnik Кыргызстан
"Элден элге", "Элдик медиктер" кыймылдарынын координатору Тынчтык Алтымышев

Президент башында турган кыргыз бийлиги COVID-19 илдетине даярдыгы өтө чабал экенин көргөзгөнүн белгиледим. Пандемияда элди эл эле сактап калды. Биз адам өмүрү үчүн учуп-күйүп жүрсөк жолдо "Коопсуз шаардын" камералары ыктыярчыларга очойгон айып пул салды. Ушуну кечип коюу маселесин көтөрдүм.

Бишкектеги "Ысык-Көл" мейманканасын оңдоп стационарга айландыруу керек. Кышында 3-толкун башталса бүгүнкү спорттук зал, чайханаларга ачылган стационарлар токтойт. Жаңы оорукана салам дебей, даяр имараттарды пайдаланалы. Жаңы баштайбыз дегенде тез жардам автоунааларынан 300 миң доллар жоголгондой болот.

Ошондой эле өлкөдөгү бардык банктар кредиттердин мөөнөтүн ноябрь айына чейин узартып, үстөк пайыздарын өстүрбөй тоңдуруп турууну сунуштадым.

Эч ким жагалданган жок, эмоциялар менен ачуу чындыктар бүт айтылды. Президент теригип, чычалабай укту, дээрлик баарына макул болду.

Эл арасында президенттин рейтинги кандай экенин айттым

Аскар Алмаз уулу, "Демилгелүү жаштар" борборунун жетекчиси

© Пресс-служба президента КР / Султан Досалиев"Демилгелүү жаштар" борборунун жетекчиси Аскар Алмаз уулу
Коркпой-үркпөй сындадык. Ыктыярчылар Жээнбековго эмне сунуштаганын айтышты - Sputnik Кыргызстан
"Демилгелүү жаштар" борборунун жетекчиси Аскар Алмаз уулу

Сооронбай Шарипович ар бирибиздин пикирибизди укту, эч кимдин убактысы чектелген жок, "тиги-муну айтпа" деп көрсөтмө берип же протоколго такаган жок. Баары каалашынча. Айрым сунуштар президенттин жеке көзөмөлүнө алынды. Мен мамлекет башчынын рейтинги, президенттик аппараттын жумушу, элдин азыркы маанайы тууралуу айтып бердим. Ошондой эле медициналык окуу жайларда эпидемиолог, инфекционисттерди даярдаган факультеттерди көбөйтүүнү сунуштадым. Президент ошол эле жерден аппарат жетекчисине айтып, Саламаттык сактоо министрлигине тапшырды. Бүгүнкү жыйындан натыйжа болот деп үмүт кылабыз.

Президент жүрөгү канап жатканын бир нече ирет кайталады

Эльдар Шабданов, "Бирге" ыктыярчылардын координациялык борборунун өкүлү

© Пресс-служба президента КР / Султан Досалиев"Бирге" ыктыярчылардын координациялык борборунун өкүлү Эльдар Шабданов
Коркпой-үркпөй сындадык. Ыктыярчылар Жээнбековго эмне сунуштаганын айтышты - Sputnik Кыргызстан
"Бирге" ыктыярчылардын координациялык борборунун өкүлү Эльдар Шабданов

Чынын айтканда, бул жолугушуудан кийин президенттик аппарат жана мамлекет башчы ыктыярчылар менен тыгыз байланышта болуп, ыкчам чечимдерди кабыл аларына үмүт пайда болду.

Биз өлкөдөгү эң эле орчундуу көйгөйлөрдү айттык. Менимче жолугушуу президентке дагы жакты окшойт. Ал учурда ыктыярчылар анын эң жакын адамы болуп жатканын белгилеп, ачык-айкын баарлаштык.

Ошол эле маалда үмүт менен кошо коркунуч дагы бар. Эгер биз берген сунуштар жакынкы аралыкта жүзөгө ашырылбаса, азыркы шыктануу көңүл калуу менен алмашып дагы да оор болот.

Мен эки маселе көтөрдүм:

Биринчиси — ыктыярчылардан жардам сурап кайрылган медиктерди канатына калкалашын сурандым. Аларды эч ким куугунтуктап, жумуштан кетирип же айып салбашы керек. Ал муну жеке көзөмөлүнө аларын айтты.

Экинчиси — президент эл менен социалдык тармактар аркылуу тез-тез байланышып, түз эфирге чыгып туруусун өтүндүм. Себеби биз бүгүн кыргызстандыктарды түйшөлткөн маселелердин бир бөлүгүн гана көтөрө алдык.

Менин оюмча жолугушуу мамлекет башчыга жакшы таасир калтырды. Анын сөздөрүндө өлкөдөгү болуп жаткан окуяларга чын дили менен күйүп-бышып жатканы сезилип турду. Президент азыркы кырдаалды көрүп жүрөгү канап турганын бир нечи ирет кайталап, учурда ага жардам керек экенин кошумчалады.

Жаңылыктар түрмөгү
0