Боронов: башкалар оорукана куруп жатканда, биз өзүбүз билген жол менен кеттик

© Фото / пресс-служба правительства / Алишер АлиевПремьер-министр Кыргызской Республики Кубатбек Боронов
Премьер-министр Кыргызской Республики Кубатбек Боронов - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Боронов бийлик эч нерсеге даярданган жок деген пикирлерге кошулбастыгын айтып, бирок июнь айында медиктердин жетишсиздиги жана дары-дармектин тартыштыгы боюнча көйгөйлөр жаралганын моюндады.

БИШКЕК, 21-июл. — Sputnik. Башка мамлекеттер шашылыш түрдө ооруканаларды курса, биз өзүбүз билген жол менен баралы деп чечтик. Бул тууралуу премьер-министр Кубатбек Боронов брифинг учурунда айтты.

Ал акыркы күндөрү Кыргызстанда кырдаал жакшырып, коронавирустан сакайып чыккандардын саны өсүп бара жатканын белгиледи.

Көлдө COVID жуктургандардын, өлгөндөрдүн саны эмнеге дароо өсүп кетти? Түшүндүрмө

"Биз айрым өлкөлөр шашылыш түрдө миң орунга чейин жаңы ооруканаларды куруп жатканын көрүп турдук. Бирок мамлекетибиздин абалын эске алуу менен өзүбүз билген жол менен кетүүнү туура көрдүк. Мурдагы "Ганси" авиабазасын коронавирус жуктургандарды дарылоочу оорукана кылып жасап чыктык. Ал жакта 1 715 орун бар, шарты жакшы", — деди өкмөт башчы.

Ал бийлик эч нерсеге даярданган жок деген пикирлерге кошулбастыгын айтып, бирок июнь айында медиктердин жетишсиздиги жана дары-дармектин тартыштыгы боюнча көйгөйлөр жаралганын моюндады.

Боронов: Бишкек менен Оштогу ооруканалардын курулушу ушул жумада башталат

Пандемия башталгандан бери Кыргызстанда 28 251 киши коронавирус жуктурду (ооруканадан тышкаркы пневмонияны кошкондо). Алардын ичинен 14 776 бейтап сакайып, 1 079 киши каза болду.

Жаңылыктар түрмөгү
0