Жээнбеков ыктыярчылар менен жолукту. Президенттин аппараты эмне дейт

© Пресс-служба президента КР / Султан ДосалиевВстреча президента КР Сооронбая Жээнбекова с волонтерами
Встреча президента КР Сооронбая Жээнбекова с волонтерами - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Президент менен жолуккандар мамлекеттик түзүмдөрдүн ыктыярчылар менен өз ара иш алып барганын координациялоо начар болгонун белгилешкен.

БИШКЕК, 21-июл. — Sputnik. Президент Сооронбай Жээнбеков бүгүн коронавируска каршы күрөшүүгө көмөктөшүп жаткан ыктыярчылар, жарандык активисттер менен жолукканы боюнча анын басма сөз кызматы маалымат таратты.

Жолугушууга Республикалык ыкчам штаб тарабынан ыктыярчылар менен өз ара иштешүү жана алардын ишин координациялоо боюнча ишмердик жүргүзгөн вице-премьер Аида Исмаилова жана президенттин аппарат жетекчисинин биринчи орун басары Алмаз Кененбаев катышкан. 

© Пресс-служба президента КР / Султан ДосалиевПрезидент Сооронбай Жээнбеков ыктыярчылар, жарандык активисттер менен жолукту
Жээнбеков ыктыярчылар менен жолукту. Президенттин аппараты эмне дейт - Sputnik Кыргызстан
Президент Сооронбай Жээнбеков ыктыярчылар, жарандык активисттер менен жолукту
"Президент Сооронбай Жээнбеков ыктыярчылардын эмгегин жогору баалоо менен аларга ыраазычылык билдирди. Ыктыярчылык ишмердүүлүктүн маанилүү элементи бир гана иш жүзүндө жардам берүү эмес, ар бир адамдын ички рухий сапаттарын тарбиялоо да болуп саналарын кошумчалады", — деп айтылган маалыматта.

Жээнбеков ыктыярчылар менен жолугууда. Катышып жаткандардын тизмеси

Алар төмөнкүлөрдү белгилеп жана сунуштаган:

  • мамлекеттик түзүмдөрдүн ыктыярчылар менен өз ара иш алып барышын координациялоо начар болгондуктан ыктыярчылардын макамын мыйзамдык жактан бекитип берүү;
  • ыктыярчыларды жеке коргонуу каражаттары менен камсыз кылуу зарылдыгы;
  • пандемия күчөп турган маалда иштеген ыктыярчыларга автоунаалары менен бейтаптарды ооруканаларга ташыган жана башка жардам берген жарандарды "Коопсуз шаар" алкагындагы айып пулдардан бошотуу;
  • бүгүнкү күнгө чейин илдет жуктуруп алган медиктерге кенемтелер жана кошумча төлөмдөр бериле электигине көңүл бурушкан;
  • өтө кооптуу участоктордо иштеген медицина кызматкерлерин реабилитациялоо;
  • жаңы ооруканаларды куруу, дарыгерлерге кенемте төлөөнүн так системасын иштеп чыгуу;
  • жогорку окуу жайларда эпидемиологдорду, инфекционисттерди даярдоо боюнча факультеттерди көбөйтүү;
  • аймактарда тез жардам автоунаасынын жоктугу;
  • коронавирус инфекциясына анализ алуу үчүн ПЦР-тесттердин жеткиликсиздиги, медиктердин, дарыканалардын жетишсиздиги, заманбап медициналык мекемелердин жоктугу;
  • аймактардагы медиктердин коронавирусту дарылоо ыкмалары тууралуу маалыматынын аздыгы;
  • дары-дармектерди жана медициналык аппараттарды бажыдан өткөрүү көйгөйлөрү, дары-дармектерге салык салуу маселеси;
  • күн сууктаган маалга жана пандемиянын экинчи толкуну ыктымалдыгына өз маалында даярдык көрүү: күзгү, кышкы мезгилге күндүзгү жана түнкү стационарлар иштебейт, андыктан жаңы ооруканаларды куруу. Имараттарды медициналык мекеме катары профилин өзгөртүү;
  • тартылган каражатты пайдалануу тууралуу толук кандуу онлайн-форматта маалымат берүү;
  • келип жаткан жардамдарды натыйжалуу бөлүштүрүү үчүн санарип карта түзүү;
  • мындан аркы кырдаалга божомол жасап, чет өлкөлөрдөн гранттык каражат тартууну улантуу;
  • пневмониядан каза болгондорду жерге берүү боюнча бирдей алгоритмдин жоктугу;
  • экономиканы калыбына келтирип, аны өнүктүрүү менен бирге калкка психологиялык колдоо көрсөтүү;
  • көйгөйлөрүн ачык жарыялаган дарыгерлерге, ыктыярчыларга, жарандык активисттерге кысым көрсөтпөө;
  • жарандардын банктардан алган насыяларын төлөөнү кийинкиге жылдыруу мүмкүнчүлүгүн карап чыгуу;
  • коронавирус менен катар эле башка ооруларды да, айрыкча онкологиялык ооруларды унутпоо;
  • мамлекеттик органдар тарабынан жеке коргонуучу каражаттарды кымбат баада сатып алган учурлар айтылды. Президент бул боюнча иш козголгонун жана март айында эле Экономикалык кылмыштуулукка каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматка тиешелүү тапшырма берилгенин эске салды.

Жолугушууда ооруканалардын биринин башкы дарыгери бет кап түрүндө келген жардамды кызматкерлерине таратпай койгон фактылар айтылып, үй-бүлөлүк зомбулукка кабылып жаткан аялдардын көйгөйү да белгиленди. 

© Пресс-служба президента КР / Султан ДосалиевМамлекет башчысы бул жолугушуунун эң негизги жетишкендиги катары диалогдун ишке ашкандыгын атап, бул сөзсүз түрдө натыйжа берерин айткан
Жээнбеков ыктыярчылар менен жолукту. Президенттин аппараты эмне дейт - Sputnik Кыргызстан
Мамлекет башчысы бул жолугушуунун эң негизги жетишкендиги катары диалогдун ишке ашкандыгын атап, бул сөзсүз түрдө натыйжа берерин айткан

Ыктыярчылар аймактарда иштеп жаткан волонтёрлор менен онлайн-жолугушуу өткөрүүнү да сунушташты.

"Сактап кал" деп жалдыраган көздөр жүрөгүмдү тилип кетти. Ыктыярчылардын маеги

"Жээнбеков көтөрүлгөн маселелер боюнча өзүнүн пикирин айтып, алардын кээ бирлерин чечүү үчүн убакыт талап кылынарын, ал эми көпчүлүгү ишке ашырылып жатканын белгиледи. Ооруканаларды куруу боюнча өкмөт ишти баштаганын, ал боюнча инвесторлор тартылганын билдирди. Бүгүнкү күндөн тарта Республикалык штаб дарыгерлерди реабилитациялоо үчүн Ысык-Көлдүн жээгиндеги пансионаттарга жөнөтө баштарын айтты", — деп жазылган маалыматта.

Мамлекет башчысы бул жолугушуунун эң негизги жетишкендиги катары диалогдун ишке ашкандыгын атап, бул сөзсүз түрдө натыйжа берерин айткан. Көтөрүлгөн маселелерди мындан да кененирээк талкуулоо үчүн ыктыярдуу кыймылдардын өкүлдөрү менен онлайн форматта кеңири жолугушуу уюштуруларын, анткени ыктыярчылар кыймылы өзгөчө пандемия учурунда өзүн жакшы көрсөтө алган чоң күчкө ээ экендигин белгиледи.

Имарат берип, жабдуу таап, медик чогултуп... Эл ооруга каршы бир муштумга түйүлгөндө

Эпидемиологиялык кырдаал турукташкан соң өлкөнүн бардык булуң-бурчундагы ыктыярчылардын катышуусу менен республикалык форум уюштуруларын кошумчалаган.

Мындан ары Исмаилова жана Кененбаев жалпы иш-аракеттерди координациялоо үчүн ыктыярчылар менен үзгүлтүксүз байланышта болмокчу.

"Мурда белгиленгендей, президент айтылган маселелердин аткарылышын көзөмөлгө алуу үчүн тиешелүү иш-чаралардын планы түзүлөрүн билдирди", — деп айтылган маалыматта.

Жолугушуу суроо-жооп тартибинде өтүп, андан сырткары, катышуучулар суроолорду оозеки да беришип, кагаз түрүндө дагы тапшырышкан.

Президент менен болгон жолугушуудан кийин ыктыярчылар да өздөрүнүн пикирлерин билдиришкен.

Жаңылыктар түрмөгү
0