ӨКМ: "Гансиде" бейтаптар үчүн 400дөн ашуун орун бош турат

© Фото / пресс-служба Генерального штаба ВС КРО подготовке обсервационной зоны в Ганси
О подготовке обсервационной зоны в Ганси - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Убактылуу медициналык жайда 600 орундук даярдалган болсо, анын ичинен 138инде бейтаптар дарыланып жатат, калган орундар бош экени белгиленди.

БИШКЕК, 22-июл. — Sputnik. "Манас" эл аралык аэропортунун аймагындагы "Семетей" ("Ганси") госпитализация пунктунда бейтаптар үчүн 400дөн ашуун орун бош турганын ӨКМ билдирди.

Ага ылайык, оорулууларды дарылоо үчүн 600 орундук даярдалган болсо, анын ичинен 138инде бейтаптар дарыланып жатат, калган 462 орун бош.

Оорукана менен стационардан чыккан медкалдыктар кантип жок кылынууда?

"Буга чейин министрлик тарабынан оорукананын ичи бардык шарттары менен даярдалып, ар бир бөлмөгө душ, жуунуучу жай, ажаткана жана керебет орнотулган. Ал эми жандандыруу бөлүмү 50 орунга ылайыкталган. Учурда оор абалдагы 31 бейтап бар, калган 19унда киши жок", — деп айтылат маалыматта.

Аталган убактылуу медициналык жайдагы иш-чараларды уюштуруу жана материалдык-техникалык камсыздоо маселелерин чечүү ӨКМдин мойнунда.

Жаңылыктар түрмөгү
0