Кыргызстанга Россиянын аскерий дарыгерлери меджабдуусу менен жардамга келди

© Sputnik / Табылды КадырбековПрибытие специального борта с группой военных врачей из РФ на аэродром в Канте
Прибытие специального борта с группой военных врачей из РФ на аэродром в Канте - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
20 медицина кызматкеринен турган алты бригада Бишкек жана Ош шаарларында иштешет. Медиктер бир катар жабдуу ала келишкен.

БИШКЕК, 21-июл. — Sputnik. Бүгүн түндө Канттагы аэродромго аскерий дарыгерлерден турган топту алып келген Россиянын Коргонуу министрлигинин атайын учагы келип конду. Бул туурасында Кыргызстандын Генералдык штабы билдирди.

Адистер өзү менен кошо өпкөнү жасалма дем алдыруучу аппараттарын, кычкылтек концентраторлорун, пульсоксиметрлерди жана башка жабдууларды ала келген. Ошондой эле коронавирустан дарылоодо колдонулган дарылары дагы бар экени айтылат.

Россия Кыргызстанга коронавируска даба болчу авифавир дарысын жиберет

20 медиктен турган алты бригада Кыргызстандын аскерий дарыгерлери менен биргеликте аскер кызматкерлерин, алардын үй-бүлөсүн жана ардагерлерди дарылап, кеңештерин айтат. Төрт бригада Бишкекте, экөө Ош шаарында иштейт.

"Кыргызстандын жана Россиянын Куралдуу күчтөрүнүн аскердик медицина айдыңында өз ара аракеттешүүсү аскердик жана аскердик-техникалык кызматташтыктын бирден-бир багыты болуп саналат. Бул жардам кыргыз-орус стратегиялык өнөктөштүгүнүн жогорку деңгээлде экенинин күбөсү", — деп айтылат маалыматта.

Медиктерден сапары КР менен РФ президенттеринин макулдашууларынын алкагында жүзөгө ашырылган.

Жаңылыктар түрмөгү
0