Кыргызстанда дагы 984 бейтап коронавирусту жеңди

© Фото / пресс-служба правительства / Алишер АлиевОткрытие дневных стационаров в Бишкеке
Открытие дневных стационаров в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Ал арада өкмөт күз-кышта кайталанышы мүмкүн делген коронавирустун экинчи толкунуна даярдык көрө баштады.

БИШКЕК, 22-июл. — Sputnik. Кыргызстанда кечээтен бери коронавирустан 984 бейтап айыгып чыкты. Бул тууралуу Коомдук саламаттык сактоо башкармалыгынын башчысы Айнура Акматова брифингде маалымдады.

Анын айтымында, айыккандардын басымдуу бөлүгү Бишкек шаарында, Ысык-Көл менен Жалал-Абад облустарында.

  • Бишкек — 343;
  • Чүй облусу — 62;
  • Ош облусу — 65;
  • Талас облусу — 71;
  • Нарын облусу — 70;
  • Ысык-Көл облусу — 134;
  • Жалал-Абад облусу — 147;
  • Баткен облусу — 27;
  • Ош шаары — 65.

Бүгүн Кыргызстанда 1 108 адам коронавирус жуктуруп алды

Жалпысынан алганда өлкөдө 15 760 киши коронавирусту жеңди.

Жаңылыктар түрмөгү
0