Кыргызстанда бир күндө коронавирустан 44 адам каза болду

© AFP / SAJJAD HUSSAINСитуация в Индии из-за коронавируса
Ситуация в Индии из-за коронавируса - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Кыргызстан боюнча соңку бир суткага карата статистикага ылайык, COVID-19 жуктуруп каза тапкандардын жалпы саны 1 123кө жетти.

БИШКЕК, 22-июл. — Sputnik. Өткөн сутканын ичинде Кыргызстанда 44 адам коронавирустан каза болду. Бул туурасында Коомдук саламаттык сактоо башкармалыгынын жетекчиси Айнура Акматова брифинг учурунда билдирди.

  • Бишкек шаары – 16;
  • Чүй облусу – 7;
  • Жалал-Абад облусу – 7;
  • Ысык-Көл облусу – 4;
  • Ош шаары – 3;
  • Ош облусу – 3;
  • Талас облусу – 2;
  • Нарын облусу – 1;
  • Баткен облусу – 1.

Кыргызстанда дагы 984 бейтап коронавирусту жеңди

Ушуну менен өлкөдө коронавирустан каза болгон кыргызстандыктардын жалпы саны 1 123кө жетти.

Жаңылыктар түрмөгү
0