Дүйнөнүн 20га чукул өлкөсүндөгү кыргызстандыктар Түркия аркылуу келишти

© Фото / пресс-служба МИД КРЧартерный рейс Стамбул — Бишкек
Чартерный рейс Стамбул — Бишкек - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Түркия эл аралык аба каттамдарын жандантканына байланыштуу ар кайсы өлкөлөрдө жүргөн жарандар бул мамлекет аркылуу учуп келишти.

БИШКЕК, 22-июл. — Sputnik. Бүгүн Бишкекке Түркия аркылуу алыскы чет өлкөлөрдө жүргөн 341 кыргыз жараны алып келинди. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинен билдиришти.

Стамбул — Бишкек — Стамбул багыты боюнча чартердик каттамды аткарган Turkish Airlines компаниясынын учагы транзит аркылуу АКШ, Канада, Бразилия, Түштүк Корея, Чехия, Греция, Албания, Болгария, Венгрия, Словакия, Франция, Украина, Румыния, Швейцария, Италия, Испания, Германия, Польша жана Эфиопия өлкөлөрүнөн келе жаткан жарандарды мекенине жеткирди.

Россиядагы кыргызстандык медиктер Бишкекке келди. Сүрөт

"Түркия чет элдик жарандарды киргизүү боюнча чектөөлөрдү жоюп, эл аралык аба каттамдарын жандантканына байланыштуу жогорудагы өлкөлөрдө жүргөн жарандар бул мамлекет аркылуу учуп келишти", — деп айтылат билдирүүдө.

Чет өлкөлөрдө окуп, иштеп жаткан кыргызстандыктарды мекенине кайтаруу боюнча аракеттер улантылууда.

Жаңылыктар түрмөгү
0