БИШКЕК, 22-июл. — Sputnik. Россиянын Подольск шаарында жашап, иштеген Кыргызстандын жарандары көп кабаттуу үйдөн кулап кеткен 4 жаштагы баланы аман алып калышты. Бул тууралуу "Московский комсомолец" гезити жазды.
"20-июлда шаардын Ульяновск көчөсүндөгү №19 үйдүн үчүнчү кабаттагы батиринин терезесине төрт жаштагы бала асылып калган. Ошол учурда жакын жерде чөп оруп жаткан кыргызстандык жарандар жардамга келишкен", — деп айтылат маалыматта.
Жалал-Абадда 16 күндөн бери кытайлык жолчу изделип жатат
Мекендештер чөп ташуучу тентти тосуп, баланы ошону менен тосуп алышкан.
"Бала кулаганда аны жерге тийгизбей тосуп алышкан. Ал жапа чеккен эмес. 3-4 мүнөт өткөндөн кийин окуя болгон жерге тез жардам жана өрт өчүрүүчү унаалар келди", — деп белгилейт маалымат булагы.
Ал арада батирде баланын апасы мас абалда болгону, майып чоң энеси жана бир жаштагы наристе бар экени аныкталган.
БИШКЕК, 25-янв. — Sputnik. Алай районунун Сары-Могол айылында жайгашкан орто мектепке спорт зал жана ашкана куруу үчүн мамлекеттен бөлүнгөн акчанын бир бөлүгү уурдалып кеткен. Бул туурасында Башкы прокуратурадан билдиришти.
Маалыматка ылайык, курулуш иштерин баштоо үчүн 2015-жылы тендер өткөрүлүп, жеңүүчү компанияга 24 млн. 202 миң 850 сом алдын ала төлөнгөн.
"Ош облустук капиталдык курулуш башкармалыгы тарабынан жеңүүчү компанияга акча каражаты толугу менен которулуп, бирок 5 жылдан бери аталган орто мектептин спорт залын жана ашканасын куруу иштери токтоп калган. Натыйжада мамлекетке 6 млн. 382 миң 225 сомдук материалдык зыян келтирилген", — деп жазылат маалыматта.
Текшерүүнүн жыйынтыгында райондук прокуратура тарабынан аталган факт боюнча Жазык кодексинин 320-беренесинин 2-бөлүмү ("Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу") менен сотко чейинки өндүрүш иши башталган.
БИШКЕК, 25-янв. — Sputnik. Республикалык жугуштуу илдеттер ооруканасына түшкөн белгилүү балдар хирургу Талант Өмүрбековдун абалы тууралуу Sputnik агенттигине аталган медициналык жайдын жетекчиси Гүлжигит Аалиев маалымат берди.
Эске салсак, Өмүрбеков 19-январда эки тараптуу пневмония менен оор абалда ооруканага жаткырылган.
"Акыбалы турукташып калды. Бирок дагы деле жандандыруу бөлүмүнөн чыга элек", — деди Аалиев.
Талант Өмүрбеков Кыргызстанга таанымал дарыгер. Ал Бишкек шаардык Тез жардам балдар клиникалык ооруканасынын мурдагы дарыгери, Иса Ахунбаев атындагы медициналык академиянын балдар хирургиясы кафедрасынын жетекчиси, профессор, медицина илимдеринин доктору.
БИШКЕК, 25-янв. — Sputnik. Кечээ, 24-январда, Ысык-Көл облусунда адам өмүрүн алган жол кырсыгы катталды. Бул тууралуу облустук милициядан билдиришти.
Жол кырсыгы Каракол — Бишкек унаа жолунда, Түп районундагы Күрмөнтү айылынан анча алыс эмес жерде болгон.
"Mercedes-Benz Sprinter жолдон чыгып кетип бакты сүзгөн. Анын ичинде айдоочу жана 17 жүргүнчү болгон. Кырсыктын кесепетинен бир аял көз жумду”, — деп айтылат маалыматта.
Жаракат алган жети киши тийиштүү жардам алып жатат. Алардын арасындагы алты жаштагы бала реанимацияда болсо, калгандары палатада.