Пакистандык студент: мурдумду сындыра сабашты, ошентсе да ыктыярчылыкты таштабайм

© AFP / Mario Tama / Getty ImagesСитуация в США из-за пандемии коронавируса
Ситуация в США из-за пандемии коронавируса - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Чет элдиктердин Бишкектеги жашоосу жана күндүзгү стационарда иштеши тууралуу Sputnik Кыргызстандын окурмандарына пакистандык студент Аббас Али Шах айтып берди.

Бул жигит борбор калаада ооруканаларга бейтаптар толуп медиктердин жетишпей жатканын көрүп, четте карап тура алган эмес. Аббас Али Шах күндүзгү стационарлардын биринде ыктыярчы болуп иштеп жаткан. Бирок кечээ жакында тоодо жергиликтүү жигиттерден таяк жеп, учурда өзү ооруканада жатат. Деген менен ал саламаттыгы жакшырганда кайра ыктыярчылыгын жандантарын айтты.

— Сиз кантип ыктыярчы болуп калдыңыз?

— Мен жардам бергим келчү, ошол учурда күндүзгү стационарга ыктыярчы керектигин угуп калдым. Өлкөдөгү кырдаал өтө оор, күн сайын ондогон кыргызстандыктар каза болууда. "Эмнеге стационарда ыктыярчы болуп иштеп жатасың?" деген суроо мени таң калтырат. Канткен күндө дагы жашоомду адам өмүрүн куткарууга арнаган медик болгондон кийин пандемиянын мага тиешеси жоктой үйүмдө отура бергеним осол иш болмок. Менин БАЭ жана Пакистандан келген досторум дагы көмөктөшүп жатышат.

Кыйналып кеттим, кантип туруштук бере алам? Ыктыярчы кыздын каты

Жадагалса медициналык билими жок балдар дарыгерлерге жардам берүүдө. Мына ушулар чынында суктанууга татыктуу. Стационарда бир жумадай иштеп, бул аралыкта жүздөгөн адамга жардам бере алдык. Дарыгерлердин жана ыктыярчылардын жаны тынбайт, телефон тиктегенге да убакыт болбойт.

— Жергиликтүүлөр чет элдик ыктыярчыларга кандай карап жатышат?

— Мен дайыма бет кап жана коргонуучу костюмчан жүрөм, ошондуктан чет элдик экенимдин байкай беришпейт (күлүп).

— Кыргызстанга келишиңизге эмне түрткү болду?

— Бир досум бул жакта дарыгерликке тапшырган. Ал Кыргызстанда медициналык билим сапаттуу жана жеткиликтүү экенин айткан. Пакистанда окуу жайды аяктаганга чейин 50 миң доллардай төлөөгө туура келет. Мындан дагы көп болушу мүмкүн. Анча каражатты көбү эле таба албайт. Ушул себептен да биз жактан Кыргызстанга окууга келгендер көп. Жүрөк оорусунан өлгөн адамдардын саны жогору болгондуктан кардиолог болууну чечкем. Жакында окуум бүтөт, ординатураны Пакистанга барып окуйм.

— Эми өзүңүздүн кичи мекениңиз тууралуу айтып берсеңиз?

— Мен Пакистандын түндүк тарабындагы Гилгит-Балтистан облусунда туулгам. Ал жактын жаратылышы дагы Кыргызстанга окшош, тоолор, дарыялар, көлдөр дал өзү. Калктын көбүн мусулмандар түзөт, статистика боюнча аялдарга караганда эркектер көп.

"Сактап кал" деп жалдыраган көздөр жүрөгүмдү тилип кетти. Ыктыярчылардын маеги

— Пакистандагы медицина Кыргызстандагыдан эмнеси менен айырмаланат?

— Биздин өлкөдө медицина анча жеткиликтүү эмес, жеке клиникалар өнүгүп жатат. Дарылануу мамлекеттик ооруканаларда, жеке менчиктерде дагы аябай кымбат. Буга баарынын эле мүмкүнчүлүгү боло бербейт. Чоң жана заманбап медициналык борборлор ири шаарларда гана бар.

— Кызык суроо берсем болобу? Көпчүлүк кыргызстандыктар Индиядан жана Пакистандан келген коноктор суукту тоготпогонсуп кышта деле жеңил кийинип жүргөнүнө таң калат...

— Бишкектик досторум дагы бул боюнча сурай беришет. Биздин өлкөдө кыш жылуу болот. Анан бул жакка келгенде психологиялык жактан кайра калыптануу кыйын, айрымдары каржылык жактан кыйналып жылуу кийим ала албайт. Жалпылап айтканда, Кыргызстанда көбүрөөк жашаган адам сезонго жараша кийинип калат.

— Сизди тоодо сабап кетишти. Бул окуя кандайча болуп кеткенин айтып берсеңиз?

— Окуя дем алыш күнү Кой-Таш айылында болду. Досторум менен тоодо эс алып жүргөнбүз, бир жигит келип ар кандай сөздөрдү айтып досумду бир муштап кетип калды. Бир нече мүнөттөн кийин башка жигиттерди дагы ээрчитип келип баарыбызды сабап киришти. Алыс эмес жерде отурган эс алуучулар үн катпай карап турушту. Акыры арасынан бирөө чыгып жардам берди. Андан кийин биз милицияга арыз жаздык.

Менин мурдум сыныптыр, аны операция кылыш керек. Тилекке каршы, мындан улам мен азыр стационарда иштей албайм.

Чогуу иштешели. Жээнбековдун ыктыярчылар менен жолуккан видеосу чыкты

— Айыккандан кийин кайра кайтып барасызбы?

— Албетте. Бул менин жан дүйнөмө жаккан жумуш, мурдагыдай эле адамдарга жардам бергим келет. Бир окуядан улам өзүмө жаккан иштен баш тартып коюу туура эмес деп эсептейм.

Жаңылыктар түрмөгү
0