Асрандиев: дары-дармек сатып алууга каражат жетиштүү, маселе башкада

© Фото / Республиканский штаб КР по борьбе с COVID-19Вице-премьер-министр Эркин Асрандиев
Вице-премьер-министр Эркин Асрандиев - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Грант, кредиттен сырткары Кыргызстанга чет мамлекеттерден 8 миллион долларлык гуманитардык жардам келип түштү.

БИШКЕК, 22-июл. — Sputnik. Вице-премьер Эркин Асрандиев брифинг учурунда "эмнеге чет жактан келген каражатка дары-дармек алынып, оорукана салынган жок?" деген суроого жооп берди.

Анын айтымында, медикамент алууга каражат жагынан маселе жок. Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондуна дары-дармек сатып алуу жана медиктерге айлыгына деп 22 миллион доллар которулган. Башка мамлекеттик органдарга дезинфекциялоочу каражаттарды, меджабдууларды алуу үчүн 1,3 миллион доллар берилген. Дүйнөлүк банктын долбоору боюнча 2,2 миллион долларга медициналык жабдуу жана препараттар сатып алынган.

COVID менен күрөшүүгө 3,3 млрд сом кетти. Акчанын кайда жумшалганы боюнча отчёт

"Каражат жагынан дары-дармек сатып алууда эч көйгөй жок, баары жетиштүү. Ошону менен бирге бүгүнкү күндө Кыргызстанга чет элдик өнөктөштөрдөн жалпы суммасы сегиз миллион долларлык гуманитардык жардам келип түштү. Алдыда дагы 8-9 миллион долларлык гумжардам күтүп жатабыз", — деди Асрандиев.

Ал эми медикаменттердин убагында келбей калышын кезекке туруп күтүп жатышканы менен түшүндүрдү. Ушу тапта бардык мамлекеттерде дары-дармекке муктаждык күч.

Жаңылыктар түрмөгү
0