Бишкекте милиция кызматкерлери үчүн күндүзгү стационар ачылды

© Sputnik / Евгений Епанчинцев / Медиабанкка өтүүОоруканадагы палата. Архив
Ооруканадагы палата. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Стационар 40 орунга ылайыкталган. Анда медицина кызматкерлери күн сайын саат 9:00дөн 19:00гө чейин иштешет.

БИШКЕК, 22-июл. — Sputnik. Бишкек шаардык милициясы ички иштер органдарынын кызматкерлери үчүн күндүзгү стационар ачты. Бул тууралуу Бишкек ШИИБинен билдиришти.

"Учурда борбор калаада бир катар күндүзгү жана түнкү стационарлар ачылып, ал жакта милиция кызматкерлери нөөмөттө турушат. Оорулуулар бар жерде иштегендиктен алар өз ден соолугуна дагы кам көрүүсү керек. Бул максатта шаардык милиция өз кызматкерлери үчүн күндүзгү стационар ачты. Ал жакта ИИМдин медицина башкармалыгынын дарыгерлери иштейт", — деп айтылат билдирүүдө.

Мэрия: стационарларга кайрылгандардын саны кыйла азайды

40 орундуу бул жайда медиктер саат 9:00дөн 19:00гө чейин иштешет.

Шаардык милиция бүгүнкүдөй оор күндөрдө тартипти сактап, медицина кызматкерлеринин бардык сунуштарын так аткарууга чакырат.

Жаңылыктар түрмөгү
0