Бүгүн Кыргызстанда 967 адамдан коронавирус аныкталды

© AFP / DENIS CHARLETЛаборатория кызматкери. Архив
Лаборатория кызматкери. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Кыргызстанда эпидемиологиялык абал оор бойдон калууда. Бирок бийлик күндүзгү стационарларга кайрылгандардын саны азайып бара жатканын айтып жатат.

БИШКЕК, 23-июл. — Sputnik. Бүгүн Кыргызстан боюнча дагы 967 адам коронавирус жуктуруп алды. Бул тууралуу Коомдук саламаттык сактоо башкармалыгынын башчысы Айнура Акматова брифинг учурунда билдирди.

Лабораториялык тастыкталган учурлар 238 болсо, 729 учур клиникалык-эпидемиологиялык белгилери боюнча аныкталды.

Лабораторияда аныкталган учурлардын ичинен:

  • Бишкек шаары – 50;

  • Ош обулус – 56;

  • Чүй облусу – 46;

  • Баткен облусу – 31;

  • Ысык-Көл облусу – 26;

  • Ош шаары – 23;

  • Талас облусу – 4;

  • Нарын обласу – 2.

Өлкөдө бир суткада 1 031 бейтап коронавирустан сакайды

Клиникалык-эпидемиологиялык белгилери боюнча аныкталган 729 учурдун ичинен:

  • Бишкек шаары — 152;
  • Чүй облусу — 48;
  • Ош шаары — 77;
  • Нарын облусу — 39;
  • Ысык-Көл облусу — 112;
  • Талас облусу —32;
  • Жалал-Абад облусу — 134;
  • Баткен облусу — 32;
  • Ош облусу — 103.

Пандемия башталгандан бери Кыргызстанда 30 326 жаран коронавирус жуктуруп алды.

Жаңылыктар түрмөгү
0