Пакистандык студентти сабады деген үч киши камакка алынды

© Sputnik / Алексей Филиппов / Медиабанкка өтүүАбак. Архив
Абак. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Жабыркаган Аббас Али Шах күндүзгү стационарлардын биринде ыктыярчы болуп иштеп жаткан. Бирок кечээ жакында тоодо жергиликтүү жигиттерден таяк жеп, учурда өзү ооруканада жатат.

БИШКЕК, 23-июл. — Sputnik. Пакистандык студентти сабаганга шектелген үч кишинин баш коргоо чарасы тандалып, бир айга камакка алынды. Бул тууралуу Чүй ОИИББдин маалымат кызматы кабарлады.

Эске салсак, буга чейин пакистандык студенттер тоодо ур-токмокко алынганы тууралуу социалдык тармактын колдонуучулары жазып чыгышкан. Окуя боюнча 19-июлда милицияга Пакистандын бир жараны кайрылып, аны сабагандарга чара колдонууну өтүнгөн. Аталган факт Кылмыш жана жаза кодексинин 266-беренесинин 2-бөлүмү ("Бейбаштык") боюнча Кылмыш жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, сотко чейинки өндүрүш башталган. Көп өтпөй милиция четөлкөлүк жарандарга кол көтөргөн үч адамды колго түшүрүлгөн.

"Пакистандын жаранына кол салган Ысык-Ата районунун 31 жашагы тургуну менен Бишкек шаарынын 30 жаштагы эки жашоочусунун баш коргоо чарасы тандалып, бир айга камакка алынды", — деп айтылат маалыматта.

Бишкекте акча алмаштыруу жайын тоноого шектелип "актер" кармалды. Фото

Жабыркаган пакистандык Аббас Али Шах күндүзгү стационарлардын биринде ыктыярчы болуп иштеп жаткан. Учурда ооруканада дарыланууда. Аны менен Sputnik агенттигинин кабарчысы маек курган.

Жаңылыктар түрмөгү
0