Өлкөдө бир суткада 1 031 бейтап коронавирустан сакайды

© Sputnik / Максим Блинов / Медиабанкка өтүүОоруканадагы дарыгерлер. Архив
Ооруканадагы дарыгерлер. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Жакында Индиядан сегиз тонна дары-дармек келет. Ошондой эле башка мамлекеттер да керектүү препараттарды жөнөтө турганы айтылды.

БИШКЕК, 23-июл. — Sputnik. Кыргызстанда өткөн суткада коронавирустан 1 030 адам айыкты. Бул тууралуу Коомдук саламаттык сактоо башкармалыгынын башчысы Айнура Акматова брифингде маалымдады.

Анын айтымында, өлкөнүн аймактарында да коронавирусту жеңгендер көп.

  • Бишкек — 361;
  • Ош шаарында — 117;
  • Чүй облусу — 78;
  • Ош облусу — 79;
  • Талас — 65;
  • Нарын — 36;
  • Ысык-Көл — 149;
  • Жалал-Абад — 109;
  • Баткен — 33.

Ушуну менен Кыргызстанда коронавирустан айыккандардын саны 16 791ге жетти.

Жаңылыктар түрмөгү
0