Кара-Суу районунда 11 мобилдик бригада айылдарды кыдырып текшерип жүрөт

© Sputnik / Илья Питалев / Медиабанкка өтүүДарыгер. Архив
Дарыгер. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Медиктер пневмонияга чалдыккан айыл тургундарын аныктап, оорулуулар болсо кийинки кадамдар тууралуу кеңеш берип жатышат.

БИШКЕК, 23-июл. — Sputnik. Ош облусунун Кара-Суу районунда пневмония менен ооруган жарандарга өз убагында медициналык жардам көрсөтүү максатында мобилдик топтор үймө-үй кыдырып жатышат. Бул туурасында өкмөттүн Ош облусундагы өкүлчүлүгүнүн маалымат кызматы кабарлады.

Билдирүүгө ылайык, медиктерден турган 11 бригада бүгүнкү күндө тогуз айылды текшерип чыккан. Алар пневмонияга чалдыккан тургундарды аныктап, оорулуулар болсо кеңеш берип жатышат. Мындай иштер бир жумага созулат.

Коронавирус айылдарды аралап кетти. Элетте кырдаал кандай?

Ошону менен катар эле айыл башчылар эгерде оорунун белгилери байкалса, күндүзгү стационарларга кайрылуу боюнча маалымат берип жатканы айтылат.

Эскерте кетсек, апрель айында да Ош облусунун аймагында коронавирус илдетине чалдыккан адамдарды аныктоо үчүн үймө-үй кыдыруу иши уюштурулган. Анда 43 айылдан 180 миң жаран кароодон өтүп, 11 учур катталган.

Жаңылыктар түрмөгү
0