Министрлик: адистер аралыктан окутуунун 5 багытын иштеп чыгууда

© Фото / пресс-служба МОиН КРДистанциондук сабак өтүп жаткан мугалим. Архив
Дистанциондук сабак өтүп жаткан мугалим. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Аралыктан окутуу боюнча практик-педагогдордон, эксперттерден турган топ ата-энелер жана балдар үчүн нускамаларды жазып жатат.

БИШКЕК, 23-июл. — Sputnik. Азыркы эпидемиологиялык кырдаалдан улам жаңы окуу жылынын биринчи чейрегин аралыктан уюштуруу пландалууда. Абал жакшы жагына өзгөрөрү менен окуучулар мектепке реалдуу режимде окууга келишет. Бул туурасында Билим берүү жана илим министрлигинин маалымат кызматынан кабарлашты.

Мындай жагдайдан улам аралыктан окутууну уюштуруу боюнча эксперттик-консультативдик кеңеш иштеп жатканы айтылды. Алар практик-педагогдордон, эксперттерден, билим берүү жаатындагы менеджерлерден турат.

Мажбурлайм дей көрбөңүз. Дистанттык окуу учурунда ата-энеге 5 кеңеш

"Кеңештин корутундусу менен башка өлкөлөрдүн жана Кыргызстандын тажрыйбасы изилденип, талданып, окуучулардын жаш өзгөчөлүгүн, балдардын жана педагогдордун коопсуздугун приоритет катары койгон бир нече варианттагы чечимдер кабыл алынат", — деп билдирди маалымат кызматы.

Кеңештин мүчөлөрү беш топко бөлүнүп, төмөнкү багыттар боюнча иш алып барууда:

биринчи топ аралыктан (дистанттык) окутуу мезгилинде ата-энелерге методикалык, психологиялык жардам көрсөтүү боюнча атайын нускаманы иштеп чыгуу боюнча;

экинчи топ башталгыч класстарды окутуунун алгоритмин түзүү боюнча;

үчүнчү топ мектеп мугалимдерине дистанттык окутуунун негиздери, аны туура уюштуруунун жолдору жөнүндө;

төртүнчү топ дистанттык окутуу, электрондук каражаттарды, интернет ресурстарын туура колдонуу жаатында мектеп окуучулары үчүн нускама түзүү боюнча;

бешинчи топ виртуалдык же болбосо онлайн-мектеп жөнүндө керектүү маалыматтарды камтыган колдонмолорду иштеп чыгуу боюнча иштеп жатат.

Министрлик жаңы окуу жылында мектептер кандай иштей турганын айтты

Буга чейин жаңы окуу жылында дистанттык окуу ыкмасы кире турганы боюнча коомчулукта суроо жаралып, ага министрлик жооп берген.

Эске салсак, коронавирус эпидемиясынан улам Кыргызстандагы бардык мектеп окуучулары, студенттер аралыктан билим алышкан. Окуу жылы ошентип дистанттык түрдө аяктаган болчу.

Жаңылыктар түрмөгү
0