ТИМ: чет өлкөдөгү дипломаттар учурда дары, реанимобиль алуу жолун издеп жатат

© Игорь Зарембо / Медиабанкка өтүүПарк городской скорой помощи пополнился новыми автомобилями
Парк городской скорой помощи пополнился новыми автомобилями - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Чет жактагы дипломатиялык өкүлчүлүктүн кызматкерлеринен сырткары мекендештер дагы Кыргызстанга чоң жардам көрсөтүп жатканы айтылды.

БИШКЕК, 23-июл. — Sputnik. Тышкы иштер министринин орун басары Нуран Ниязалиев чет өлкөдөгү кыргызстандыктардын колдоосу жана берип жаткан жардамы өзгөчө мааниге ээ экенин билдирди. 

Ал брифинг учурунда мекендештер, кыргыз диаспоралар жана коомдук бирикмелер жеке каражатына медициналык жабдууларды жана медикаменттерди алып жөнөтүп жатышканын баса белгиледи.

COVID менен күрөшүү: Россиядан Кыргызстанга дагы 50 дарыгер келди

Ошону менен бирге эле Ниязалиев чет өлкөлөрдөгү дипломатиялык өкүлчүлүктөрдүн кызматкерлери дагы четте карап турбаганын айтат. Алар да өз чөнтөгүнөн керектүү дары-дармек жана меджабдууларды сатып алышкан.

“Азыркы тапта премьер-министрдин тапшырмасына ылайык, дипломаттар жеке коргонуу каражаттарын, дары-дармектерди, жабдууларды, реанимобилдерди издөө жана өлкөбүзгө жеткирүү менен алектенүүдө”, — деди Ниязалиев.

Ошондой эле алар өлкөнүн фармацевnтик компанияларга медикамент чыгарган өндүрүштөрдү табууга, сатып алуу жана Бишкекке жеткирүү процесстерине көмөктөшүп жатканын кошумчалады.

Жаңылыктар түрмөгү
0