Боронов Бишкек менен Ошко жаңы оорукананы бир айда куруп бүтүүгө тапшырма берди

© © Фото / пресс-служба правительства/ Алишер АлиевПремьер-министр Кубатбек Боронов
Премьер-министр Кубатбек Боронов - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Боронов бүгүн Республикалык ыкчам штабдын жыйынын өткөрүп, өкмөт мүчөлөрүнө бир нече талаптарды койгону айтылат.

БИШКЕК, 23-июл. — Sputnik. Премьер-министр Кубатбек Боронов Бишкек жана Ош шаарларына жаңы ооруканаларды 25-августка чейин куруп бүткөрүүгө тапшырма берди. Бул тууралуу өкмөттүн маалымат кызматы кабарлады.

Билдирүүгө ылайык, өкмөт башчы бүгүн Республикалык ыкчам штабдын жыйынын өткөргөн.

"Отурумда Бишкек жана Ош шаарларында жаңы ооруканаларды куруу жана аймактардагы бош имараттардын багытын өзгөртүп, медициналык мекемеге ылайыкташтыруу иштерин ушул жылдын 25-августуна чейин бүткөрүү тапшырмасы берилди", — деп айтылат маалыматта.

Ош: балдардын жугуштуу илдеттери боюнча эскилиги жеткен ооруканасы оңдоло баштады

Боронов күндүзгү жана түнкү стационарларда санитардык талаптарды катуу сактоону талап кылган.

Мындан тышкары, премьер-министр оорусу өтүшүп кеткен бейтаптардын абалын жакшыртуу чараларын күчөтүү тапшырмасын берген. Ошондой эле Саламаттык сактоо министрлигинин аймактардагы кураторлоруна жана Бишкек шаарындагы ооруканаларга бекитилген өкмөт мүчөлөрүнө сын айткан.

Жаңылыктар түрмөгү
0