Исмаилова: Россиядан бүгүн келген медиктер аймактарга жөнөтүлүшү мүмкүн

© Sputnik / Табылды КадырбековВице-премьер-министр Аида Исмаилова
Вице-премьер-министр Аида Исмаилова - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Саламаттык сактоо министрлигинде брифинг уюштурулуп, Исмаилова тажрыйба бөлүшүү үчүн Россиядан бүгүн келген адистерге ыраазычылык билдирди.

БИШКЕК, 23-июл. — Sputnik. Башкыртстандан келген медиктер Кыргызстандын облустарында иштөө үчүн жиберилиши мүмкүн. Бул тууралуу вице-премьер Аида Исмаилова кабарлады.

Бүгүн, 23-июль күнү, эртең менен Россиядан медиктердин экинчи тобу келди. Буга байланыштуу Саламаттык сактоо министрлигинде брифинг уюштурулуп, Исмаилова тажрыйба бөлүшүү үчүн келген адистерге ыраазычылык билдирди.

"Кырдаал оор болуп турганда ыкчам түрдө жардамга келген россиялык медиктерге ыраазычылык билдиребиз. Дарыгерлер өздөрү менен чогуу медициналык жабдууларды дагы ала келишти. Башкыртстандык адистер аймактардагы абалды жакшыртуу үчүн облустарда иштөөгө жиберилет деп пландап жатабыз", — деди вице-премьер.

Россия Кыргызстанга COVID менен күрөшүүгө кандай жардамдарды көрсөткөнү айтылды

Ушуну менен эки өлкөнүн президенттеринин сүйлөшүүсү боюнча Россиядан Кыргызстанга медиктердин экинчи тобу келип жатат.

Белгилей кетсек, пандемия башталгандан бери Кыргызстанда 30 326 киши коронавирус (ооруканадан тышкаркы пневмонияны кошкондо) жуктурду. Алардын ичинен 16 791 бейтап сакайып, 1 169 киши каза тапты.

Жаңылыктар түрмөгү
0