Элчи Удовиченко: россиялык медиктер вируска каршы күрөшүүгө зор салым кошот

© Sputnik / Табылды КадырбековПосол России в Кыргызстане Николай Удовиченко
Посол России в Кыргызстане Николай Удовиченко - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Дипломат ушул ишембиде Россиянын ӨКМи гуманитардык жардам иретинде медициналык жабдуу алып келерин эске салды.

БИШКЕК, 23-июл. — Sputnik. Россиянын Кыргызстандагы элчиси Николай Удовиченко россиялык дарыгерлердин тобу Кыргызстанда коронавируска каршы күрөшүүдө чечүүчү салым кошоруна ишеним артты.

Буга чейин Кыргызстанга Россиянын Коргонуу министрлигинин аскер дарыгерлери өзүлөрү менен кошо жасалма дем алдыруучу аппарат, кычкылтек концентраторлорун, пульсоксиметр жана зарыл болгон жабдууларды ала келишкен.

Исмаилова: Россиядан бүгүн келген медиктер аймактарга жөнөтүлүшү мүмкүн

Бүгүн Башкыртстандан дарыгерлердин дагы бир тобу келди. Алар Кыргызстандын медициналык мекемелеринде иштеп, кеп-кеңештерин беришет.

Элчи Россия көрсөткөн жардам Кыргызстанда коронавирус апаатынын мизин кайтарууга көмөк болорун белгиледи.

"Жардам Бишкекке эле эмес, башка ири шаарларга, Ысык-Көл жана түштүк аймактарга да берилиши керек. Бул программаны ишке ашыруу эки өлкөнүн президенттери жетишкен макулдашууга ылайык жүргүзүлүүдө", — деди дипломат.

Ушул аптанын ишемби күнү кычкылтек концентратор жана башка жабдуусу бар гуманитардык жүгү менен Россиянын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин (ӨКМ) атайын учагы келери күтүлүп жатканы белгиленди.

"Россиянын ири профилдеги дарыгерлер тобу коронавируска каршы күрөшүүгө бараандуу салым кошот деп ишенем. Бул эки өлкөнүн союздаш мамилесинин далили болуп саналат", — деди элчи.

Удовиченко кыргызстандыктардын меймандостугуна жана россиялык дарыгерлерди жылуу кабыл алганы үчүн өкмөткө алкышын билдирип, биргелешкен иш натыйжалуу болорун кошумчалады.

Россия Кыргызстанга COVID менен күрөшүүгө кандай жардамдарды көрсөткөнү айтылды

Пандемия башталгандан бери Кыргызстанда коронавирус жуктурган 30 326 учур (пневмония менен кошо) катталган. 16 791 адам сакайып, 1 169 жаран каза болгон.

Эске сала кетсек, Саламаттык сактоо министрлиги 17-июлдан тарта Дүйнөлүк саламаттык  сактоо уюмунун классификациясына ылайык коронавирус менен пневмонияны бирге эсепке алуу боюнча чечим чыгарган.

Кыргызстанда июнь айынын орто ченинен тарта коронавирус менен пневмония боюнча абал курчуп кеткен.

Жаңылыктар түрмөгү
0