Жугуштуу илдеттер ооруканасынын башкы дарыгери Аалиев палатага которулду

© Sputnik / Расул УсеналиевГлав врач инфекционной больницы Гулжигит Аалиев. Архивное фото
Глав врач инфекционной больницы Гулжигит Аалиев. Архивное фото - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Гүлжигит Аалиевге эки тараптуу пневмония диагнозу коюлуп, үч жумадан бери ооруп жаткан. Саламаттык сактоо министрлиги анын абалы турукташканын айтты.

БИШКЕК, 23-июл. — Sputnik. Республикалык жугуштуу илдеттер ооруканасынын башкы дарыгери Гүлжигит Аалиев жандандыруу бөлүмүнөн палатага которулду. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлигинин маалымат кызматы Sputnik Кыргызстан агенттигине билдирди.

Аалиев эки тараптуу пневмония дарты менен үч жумадан бери ооруп жатат.

“Гүлжигит Аалиевдин ден соолугу, абалы турукташты. Бүгүн ал палатага которулду”,  —  деп билдирет министрлик.

Коронавирустан кийин ден соолукту калыбына келтирүү. Пульмонологдун кеңеши

Пандемия башталгандан бери Кыргызстанда коронавирус жуктурган 30 326 учур (пневмония менен кошо) катталган. 16 791 адам сакайып, 1169 жаран каза болгон.

Коронавируска байланышкан акыркы жана маанилүү маалыматтарды биздин Telegram-каналдан окуңуз.

Жаңылыктар түрмөгү
0