Ош облусунда медиктер айылдарда 6 миңдей адамды пневмонияга текшерди

© Фото / пресс-служба полпредства правительства в Ошской областиОбход медиков по домам в Ошской области
Обход медиков по домам в Ошской области - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Учурда облустун төрт районунда 167 медицина кызматкеринен турган 48 мобилдик бригада түзүлүп иштеп жатат.

БИШКЕК, 24-июл. — Sputnik. Ош облусунда пневмония менен ооруган жарандарды аныктоо жана өз убагында жардам көрсөтүү максатында медиктер үймө-үй кыдырууда. Бул тууралуу өкмөттүн Ош облусундагы өкүлчүлүгү билдирди.

Бул боюнча облус жетекчиси Узарбек Жылкыбаев тапшырма бергени айтылат. Ага ылайык, 167 медицина кызматкеринен турган 48 мобилдик бригада түзүлүп иштеп жатат.

Баткен облусунун башчысы медиктерди эс алууга жиберип, 5000 сомдон берди

"Учурда Кара-Суу, Алай, Ноокат, Араван райондорунда мобилдик топтор 54 айылга барып 5 874  үй-бүлөнү текшерип чыкты", — деп айтылат маалыматта.

Алар пневмонияга чалдыккан тургундарды аныктап, оорулуулар болсо кеңеш берип жатышат. Мындай иштер бир жумага созулмакчы.

Жаңылыктар түрмөгү
0