Байкаарың менен медикке кайрыл! Семирип кетүүнүн үч белгиси

© Фото / Pixabay/ happyveganfitИзбавление от лишнего веса
Избавление от лишнего веса - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Терапевттин айтымында, организмде чогулган май ар кайсы органдын ишине тоскоол болуп, жарактан чыгарат. Демек, толук адамдар медициналык кароодон өтүп, арыктоого аракет кылышы зарыл.

БИШКЕК, 24-июл. — Sputnik. Медицина илимдеринин кандидаты жана терапевт Ярослав Ашихмин РИА Новости агенттигинде маек куруп жатып ашыкча салмак менен семирип кетүүнүн айырмасын түшүндүрүп берди.

Анын айтымында, бул эки башка түшүнүк жана семирип кетүү ден соолук үчүн олуттуу коркунуч жаратчу көрүнүш.

Ошондой эле адис бир категориянын негизинде адам үчүн кайсы салмак туура экенин түшүндүрүп берди.

Кант диабетинин алгачкы белгиси айтылды

"Мисалы, 35 жаштагы бою 160 сантиметрлик аял кишини алалы. Норма боюнча ал 64 килограммга чейин болушу керек. 65 килограммдан 76га чейин ашыкча салмак болуп эсептелет. Ал эми 77 килограммдан жогору ал семиз киши болуп саналат", — деди Ашихмин.

Мындан тышкары, адис семирип кетүүнүн эң негизги үч белгисин санап берди:

  • кант диабетинин пайда болушу. Бул илдетке көпчүлүк учурда организмде май ого эле көп адамдар учурайт;
  • туруксуз кан басымы, аба ырайынын өзгөрүшү менен баштын оорушу, абалдын начарлашы;
  • басканда, кыймылдаганда демдин кысылышы, булчуңдардын оорушу.

Экинчи типтеги кант диабетин басаңдатуучу диета табылды. Жаңы иликтөө

Терапевт ашыкча салмагым бар деп эсептеген адамдарда бул белгилер пайда болору менен дарыгерлерге кайрылууну сунуштайт. Анткени организмде чогулган май ар кайсы органдын ишине тоскоол болуп, аны жарактан чыгарат. Демек, адамды өлүмгө кептейт.

Жаңылыктар түрмөгү
0