Тынчсыздануу бар. Быйыл Токтогул суу сактагычында суу тартыш болору айтылды

© Sputnik / Табылды КадырбековТоктогульское водохранилище на реке Нарын в Джалал-Абадской области
Токтогульское водохранилище на реке Нарын в Джалал-Абадской области - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Өкмөт күз-кыш мезгилине даярдык көрүү боюнча кеңешме өткөргөн. Быйыл күзүндө Токтогул суу сактагычында суу өткөн жылга салыштырмалуу 2,3 миллиард куб метрге аз болору болжолдонду.

БИШКЕК, 24-июл. — Sputnik. Күзүндө Токтогул суу сактагычында суунун аздыгы күтүлүп жатканын өкмөттүн маалымат кызматы кабарлады.

Биринчи вице-премьер Алмазбек Баатырбеков күз-кыш мезгилине даярдык көрүү боюнча кеңешме өткөргөн. Ал белгилегендей, суунун азаюу мезгилинин башталгандыгына өзгөчө көңүл буруу керек.

Баатырбековдун айтымында, Токтогул суу сактагычында суунун көлөмү 2019-жылдын 1-октябрына карата 17,2 миллиард куб метрди түзгөн. Ал эми 2018-жылдын ушул мезгилинде — 19,2 миллиард куб метр, 2017-жылы болсо 19,6 миллиард куб метр болгон. Ушул жылдын 1-октябрына карата алдын ала эсептер боюнча, суунун көлөмү 14,9 млрд куб метр болору күтүлүүдө.

Өлкөдөгү өзүн-өзү актай турган ГЭСтер кайсылар экени маалым болду

Өкмөт өкүлү кошумчалагандай, энергетика компанияларынын жетекчилери келе жаткан күз-кыш мезгилинен кыйынчылыксыз өтүү үчүн суу ресурстарын рационалдуу пайдалануусу, электр жабдууларын жана жылытуучу от казандарын оңдоо-даярдоо боюнча иш-чараларды толугу менен аткаруусу зарыл.

Жооптуу мамлекеттик органдарга жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына жылытуу мезгилине сапаттуу даярдык көрүү үчүн бир катар тапшырмалар берилген.

Жаңылыктар түрмөгү
0