Бүгүн коронавирус жуктурган 921 адам аныкталды

© Фото / Pixabay / fernando zhiminaicelaРаспространение нового коронавируса в мире
Распространение нового коронавируса в мире - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Акыркы убакта өлкөдө вирус илештирип алгандарга караганда илдеттен айыгып чыккандар көбүрөөк катталууда.

БИШКЕК, 24-июл. — Sputnik. Бүгүн өлкө аймагынан дагы 921 адамдан коронавирус аныкталганын Коомдук саламаттык сактоо башкармалыгынын башчысы Айнура Акматова брифинг учурунда билдирди.

Анын айтымында, вирус илештирип алгандардын арасында 53 медицина кызматкери бар.

“Лабораториялык жол менен Бишкекте - 43, Чүйдө - 33, Ош шаарында - 55, Нарында - 1, Ысык-Көлдө - 34, Жалад-Абадда - 46, Баткенде 41 жана Ош облусунда 10 учур аныкталды. Ал эми клиникалык жана эпидемиологиялык ыкма менен Бишкекте - 230, Чүйдө - 107, Ош шаарында - 20, Нарын облусунда - 21, Ысык-Көлдө - 73, Талас облусунда - 25, Жалал-Абадда - 92, Баткен облусунда тогуз жана Ош облусунда 81 учур аныкталды”, — деди Акматова.

Ушуну менен коронавирус жуктуруп алгандардын саны 31 247 болду. Анын 18 038и айыгып, тилекке каршы, 1 211 киши көз жумду.

Жаңылыктар түрмөгү
0