Кечээтен бери өлкөдө 1 247 адам коронавирустан айыгып чыкты

© AFP / PEDRO PARDOСитуация в Мексике из-за пандемии коронавируса
Ситуация в Мексике из-за пандемии коронавируса - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Бүгүнкү статистиканы кошкондо өлкө боюнча COVID-19 илдетинен айыгып чыккан адамдардын саны 18 038ге жетти.

БИШКЕК, 24-июл. — Sputnik. Кыргызстанда соңку бир күндүн ичинде коронавирустан 1 247 адам айыкты. Бул тууралуу Коомдук саламаттык сактоо башкармалыгынын башчысы Айнура Акматова брифингде билдирди.

Айыгып чыккандардын көбү Бишкек шаарында.

  • Бишкек – 497;
  • Чүй облусу – 164;
  • Ысык-Көл облусу – 153;
  • Ош шаары – 123.
  • Ош облусу – 116;
  • Жалал-Абад облусу – 93;
  • Нарын облусу – 45;
  • Талас облусу – 34;
  • Баткен облусу – 22.

Бүгүнкү статистиканы кошкондо өлкө боюнча COVID-19дан айыгып чыккан адамдардын саны 18 038ге жетти.

Жаңылыктар түрмөгү
0