Элди мобилизациялай алдык. Баткендеги ыктыярчылар кантип жардам берүүдө

Жазылуу
Баткен облусунун борборунда коронавирус, пневмония менен ооругандарга медициналык жардам көрсөтүүчү "Баткен боорукерлик штабы" деп аталган ыктыярчылардын тобу иш алып барууда.

Алар аталган аймактагы айылдарды, ооруканалардагы абалды иликтөөгө алып, зарыл медициналык жабдуулар, коргонуучу каражаттар менен камсыздап жатышат.

Редакция аталган топтун мүчөсү Динара Колдошеваны кепке тартып, Баткендеги абал жана ыктыярчылык кыймылдын ишмердүүлүгүнөн кабар алды. 

© Фото / предоставлено Динарой Колдошевой"Баткен боорукерлик штабы" деп аталган ыктыярчылардын тобунун мүчөсү Динара Колдошева
Элди мобилизациялай алдык. Баткендеги ыктыярчылар кантип жардам берүүдө - Sputnik Кыргызстан
"Баткен боорукерлик штабы" деп аталган ыктыярчылардын тобунун мүчөсү Динара Колдошева

— Динара, коронавируска каршы күрөшүүдө облуста көзгө урунган көйгөйлөр кайсылар болуп жатат?

— Баткенде эң башкы көйгөй деп элдин коронавирус боюнча жетиштүү маалымдар болбогонун айтар элем. Социалдык аралыкка көңүл бурулбагандай. Жеке коргонуу чаралары, антисептик колдонуу, бет кап кийүү деген эрежелер дээрлик сакталбайт. Көчөдө жаш баласын көтөрүп, дагы бир-экөөсүн ээрчитип алып жүргөн апалар, карыган аталар, энелерди көрөсүң.

Биз алгач иш баштаганда максаттарыбыз тууралуу коомчулукка маалымдоо үчүн жергиликтүү радиодон түз эфир уюштурганбыз. Телефон чалгандар көп болду. Коронавируска чалдыккандар менен байланышта болгон жарандар  кайрылып жатышты. Көбүнчө эмне кыларын, кайсы жакка барып кимге кайрыларын билбей сурагандар. Бул элдин жетиштүү деңгээлде маалымдар болбогонунан кабар берет десем болот.

Пол жууп болсо да кол кабыш кылып кетчүмүн. Ысык-Көлдөгү ыктыярчылардын мээнети

Же маалымат жеткен болсо да кенебестик, кайдыгерлик үстөмдүк кылып жатабы, айтор обочолонгон учурлар жокко эсе. Дарыгерлер бул багытта түшүндүрүү иштерин жүргүзүп жатышат. Ага карабастан элге алдын алуу иштерин күчөтүү зарылчылыгы бар.

— "Баткен боорукерлик штабы" ишти эмнеден баштадыңар?

— Штабга бир демилге, бир максат менен чогулган активисттер мүчө. Арасында ишкерлер, республикага таанымал эстрада ырчылары бар. Ар кандай багыттагы иштерди жүргүзгөн фонддун жетекчилери да кирген. Алгач иш багытыбызды аныктап, социалдык тармактардан, маалымат каражаттарынан роликтерди чыгарып, чакырыктарды таштап баштадык.

Алыскы аймактарга мониторинг жүргүзүп, ар тараптуу таразалап, анан жардамдарды бере баштадык. Жардамга өзгөчө муктаж аймактарды, оорулууларды тандадык. Жумуш башталганына эки жума болду. Тийиштүү жерлерге жалпысынан 12 кычкылтек концентраторун, 130 СИЗ жана миң даана бет кап алдырып бердик. 22-июль күнү эле райондун алыскы, чек арада жайгашкан Самаркандек аймактык ооруканасындагы дарыгерлерге сапаттуу коргоочу кийим жана бир кычкылтек концентраторун тапшырдык. Ал жерде пневмония менен ооруп, дарыланып жаткандар бар. Баса, Кыргызстанда коронавируска чалдыккан алгачкы 10 учурдун бири да дал ушул айылда катталган.

Коркпой-үркпөй сындадык. Ыктыярчылар Жээнбековго эмне сунуштаганын айтышты

Баткен шаарында Кызыл жарым ай коому тарабынан ачылган күндүзгү стационарга кычкылтек концентраторун жана кир жуугуч машина алып бердик. Мындан сырткары, андагы дарыгерлерди жеке коргонуучу каражаттар менен камсыз кылдык.

Баткен мэриясынын карамагында ачылган күндүзгү стационарга түз байланыш телефону күнү-түнү иштеп жатат. Биз берген кычкылтек концентраторду үйдө отурган сыркоо адам убактылуу үйүнө алып кетсе болот.

Жакынкы күндөрү аймактагы жугуштуу оорулар ооруканасына 30 кишиге ылайыкташкан кычкылтек станциясы курулганы жатат. Дагы бир катар муктаждыктар боюнча өтүнүчтөр келген, ошолор боюнча иш жүрүп жатат.

— Бишкекте абал кескин начарлап, бейтаптардын саны өсүп, ооруканаларда орун жоктугу, керектүү дары-дармектердин жетишсиздиги, дары табылса да баасы асман чапчыган курч көйгөй болду. Баткенде оорукана, обсервация, дары-дармек боюнча абалга байкоо салдыңыздар да?

— Ооба. Биз облус борбору жана Баткен районунун аймагында иш жүргүзүп жатабыз. Барган жерибизде оорукана, обсервация же стационар болобу, шарттарын, дары-дармекти сураштырып жатабыз. Бардык эле жерлерде керектүү дарылар бар экен. Баткенде дары жетишсиздиги жок десе болот. Анткени баш калаадагы абал башка аймактарга да чоң сабак болду. Ошондуктан керектүү дарылар запасталган.

"Сактап кал" деп жалдыраган көздөр жүрөгүмдү тилип кетти. Ыктыярчылардын маеги

Бирок дарыгерлерди коргоочу кийим менен камсыздоо зарылдыгы бар. Биз райондогу кызыл аймакка киргенде дарыгерлер кийген кийимдерди кийип көрдүк. Организмге аба жетпей, кыйналат экен.

— Каражат маселеси кандай чечилип жатат же ишенимдүү демөөрчүлөр барбы?

— Биздин ишенимдүү демөөрчүбүз — эл. Чет өлкөлөрдө эмгектенген Баткендин мекенчил кулундары. Маселен, АКШнын Чикаго штатында жашап-иштеген жердештерибиз керектүү медициналык каражаттарды, акча жиберишти. Россиянын ар кайсыл шаарларында жүргөн атуулдарыбыз акча которуп жатышат.

Мындан сырткары, өкмөттүн Баткен облусундагы өкүлчүгү баш болгон көптөгөн мекеме-ишканалар бир күндүк эмгек акыларын которушту.

Биз кандайдыр бир деңгээлде элди мобилизациялай алдык десем болот. Шаардагы мобилдик такси уюму акысыз кеңсе берди. Элдин тагдырына кайдыгер эмес адамдар өздөрү издеп келип акчалай жардамдарын берип, акысыз кызматтарын сунуштагандар бар.

— Зарыл медициналык каражаттарды кандай жол менен алып келип жатасыздар?

— Суроо-талап болгон кычкылтек концентраторлорун, медициналык каражаттарды, респираторлорду Түркиядан буюртма менен алдырып жатабыз, кээсин чет өлкөдөн мекендештерибиз жиберип жатышат.

— Жергиликтүү бийлик менен иш алып баруу боюнча аракеттер көрүлгөн жокпу?

— Азырынча биз жергиликтүү бийликке расмий кайрыла элекпиз. Биз зарыл көйгөйлөрдү аныктап, ага жардам берүүнүн жолун карап ишибизди улантып келдик. Өкмөттүн облустагы өкүлү өзү колдоп жатканын жогоруда белгилеп кеттим.

Четте карап тура албадым. Кыйын күндө мекенге кайткан дарыгердин маеги

Мен учурдан пайдаланып, команданын ар бир мүчөсүнө ыраазычылык айтам. Учурда Баткенде жыйым-терим, өрүк кургатуунун сезону кызуу болуп жатканына карабай, жеке иштерин четке коюп иштеп жатышат.

Буюрса, биз биргеликте бул апаатты жеңебиз!

Жаңылыктар түрмөгү
0