Моргдон өлгөндөрдүн сөөгү алмаштырылып берилип жатабы? Министрликтин жообу

© Sputnik / Илья Питалев / Медиабанкка өтүүОоруканадагы бейтап. Архив
Ооруканадагы бейтап. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Буга чейин Экономикалык кылмыштуулукка каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызмат каза болгондордун туугандарынан өлүкканада акча талап кылган фактыларды аныктаган.

БИШКЕК, 24-июл. — Sputnik. Саламаттык сактоо министрлиги жакынын жоготкондорго башка бирөөнүн сөөгүн берип коюп жатат деген факты боюнча териштирүү иштерин жүргүзүүдө. Бул тууралуу Sputnik агенттигине Коомдук саламаттык сактоо башкармалыгынын башчысы Айнура Акматова билдирди.

Буга чейин соцтармакта жогорудагы маселе боюнча билдирүүлөр жарыяланган. Алсак, Ак-Мөөр Ян аттуу колдонуучу тааныштарынын биринин атасы "кызыл зонада" каза болгонун жазып, бирок аларга башка адамдын сөөгүн берип коюшканын белгилеген.

"Азыр шаарда жана аймактарда сөөктү берүү процедурасы канчалык деңгээлде туура аткарылып жатканы боюнча мониторинг жүргүзүлүүдө. Маалым болгондой, буга чейин Финпол иликтөө иштерин баштаган. Ошонун алкагында иштер жүрүп жатат", — деди Акматова.

Адистер коронавирустан өлгөн адамдын органдарынан күтүүсүз өзгөрүүлөрдү тапты

Буга чейин Экономикалык кылмыштуулукка каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызмат (Финпол) каза болгондордун туугандарынан өлүкканада акча талап кылган фактыларды аныктаган.

Протокол боюнча Кыргызстанда COVID-19 жана пневмониядан каза болгондордун сөөгү ачылыш керек. Аларды жакындарына өткөрүп берерден мурда дезинфекциялап, атайын целлофанга орошот. Аны эч ким ачпашы керек.

Жаңылыктар түрмөгү
0