Кыргызстанга Кытайдан антикоагулянт дармектеринин ири партиясы келди

© Sputnik / Максим Богодвид / Медиабанкка өтүүДары-дармектер. Архив
Дары-дармектер. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Аталган дарылар коронавирустан дарылоо үчүн керектелет. Жүк Дары-дармек каражаттары департаментинин кампасына түштү.

БИШКЕК, 24-июл. — Sputnik. Кыргызстанга Кытайдан коронавирус инфекциясын дарылоого колдонулуучу дары-дармектер менен жүк жеткирилгенин Саламаттык сактоо министрлиги кабарлады.

Маалыматта эноксапарин (42 930 даана) жана нанропарин (33 000 даана) антикоагулянттары менен коронавирусту дарылоодо шприц катары колдонулуучу суюк дары каражаттары келгени айтылат. Жүк Дары-дармек каражаттары департаментинин кампасына түштү.

Россия Кыргызстанга COVID менен күрөшүүгө кошумча дарыгерлерди жөнөтөт

Медициналык препараттар республикалык бюджеттин эсебинен сатып алынды.

Эми Саламаттык сактоо министрлиги келген дары-дармекти өлкө ооруканаларына бөлүштүрмөкчү.

Жаңылыктар түрмөгү
0