БИШКЕК, 25-июл. — Sputnik. Саламаттык сактоо министрлиги учурда Бишкектеги ооруканаларда 1306 бош орун бар экенин маалымдады.
Эске салсак, кечээ бош орундардын саны 1218 болчу.
Коронавируска кабылган бейтаптар төмөндө көрсөтүлгөн ооруканаларга барып кайрылса болот.
- "Гансидеги" оорукана — 495;
- Улуттук госпиталь — 149;
- Воронцовкадагы санаторий — 181;
- №1 интернат — 98;
- Интергельпо көчөсүндөгү оорукана — 73;
- Республикалык наркология борбору — 69;
- Азиздер жана көрүүсү начар балдар интернаты — 43;
- №1 шаардык клиникалык оорукана — 53;
- "Ынтымак" медресеси — 39;
- Темир жол ооруканасы — 20;
- Дайыр Асанов атындагы аскер лицейи (Суворов училищеси) — 44;
- Улуттук кардиология жана терапия борбору — 17;
- Rixon мейманканасы — 11;
- Кыргыз мамлекеттик медицина академиясы — 10;
- Discovery мейманканасы — 4.
Россиялык дарыгер: КР медицинасы COVID боюнча эң оор учурдан өттү
Министрлик кошумча маалыматты шаардыктар ар бир стационардын телефон номерине чалып алса боло турганын айтты. Стационарлардын дареги жана телефондору картада толугу менен көрсөтүлгөн.