Кыргызстандын тышкы иштер министри Чыңгыз Айдарбеков. Архив

Министр Айдарбеков: Кыргызстан эли эпидемия маалында мыкты сапатын көрсөттү

(жаңыланган 13:09 25.07.2020)
КР Тышкы иштер министрлиги пандемия убагында эмне менен алектенет, бул ведомство COVID-19 менен күрөшүүгө кандай салым кошту, кыргыздар кай сапаты менен даңаза боло алышат? Ушул жана башка суроолорго тышкы иштер министри Чыңгыз Айдарбеков жооп берди.

ТИМ жетекчисинен кызыктуу көп нерселерди сурасак болор эле, бирок коронакризис биздин бул маегибизге кедергисин тийгизди. Министр менен алгачкы баарлашуубуз эпидемия менен күрөшүүдөгү дипломаттардын ролуна арналды. Ошентсе да башка урунттуу маселелер боюнча дагы Айдарбековдун пикирин тыңдадык.

— Пандемия шартында, анан да күздө илдеттин экинчи эпкини келери боюнча божомолдорду эске ала турган болсок, чет жерлерде парламенттик шайлоо өткөрүү кандай пландалууда?

— Өлкө тышындагы 42 шайлоо тилкесин түзүү маселеси макулдашылды. Ошондой эле КРдин Италия жана Францияда ачылган элчиликтериндеги эки тилкени бекитүү пландалууда. Пандемия шартында, албетте, шайлоочулардын да, шайлоо комиссиясынын мүчөлөрүнүн да коопсуздугун камсыздоо үчүн тийиштүү болгон бардык чаралар көрүлөт.

Чоң атасы атууга кеткен. Министр Чыңгыз Айдарбеков тууралуу 8 факты

— Пандемия башталгандан тарта ТИМ эмне менен алек? COVID-19 менен болгон күрөштө эмнеге жетише алдыңыздар?

— Мындай кыйын кезде министрлик өз мүмкүнчүлүктөрүнө жараша күчөтүлгөн режимде эмгектенүүдө. Борбордук аппараттын кызматкерлеринин жана чет өлкөлөрдөгү дипломаттардын чакан тобу бардык багыттар боюнча үзгүлтүксүз иш алып барууда. Президенттин, өкмөттүн аппараттары менен министрликтердин эриш-аркак аракеттенүүсү так түзүлгөн.

Эбегейсиз иш аткарылды, баарынан ийне-жибине дейре кеп кыла албайбыз, бул — абдан көлөмдүү маалымат. Кырдаалды жалпылай сүрөттөөгө аракет кылайын.

Биз жаңы нерсеге туш болдук, өзгөчө бир маселелерге тереңден сүңгүү зарылдыгы жаралды. ТИМде жаңы — медициналык дипломатия багыты пайда болду. Борбордук аппараттын жана чет жердеги мекемелердин кызматкерлери медициналык жабдуу, дары-дармек, жеке коргонуу каражаттарын сатып алууга жардамдашып жатат. Министрлик жана биздин элчиликтер күнү-түнү ушундай иштер менен алек болууда. Ар кыл өлкөлөр менен сүйлөшүүлөрдү көп жүргүздүк. Анан калса, иштин баары чукул режимде, чындыгында өрт өчүргүчтөрдөй эле иштедик. Мындан сырткары, өлкө социалдык жактан маанилүү товарларга муктаж болду, азык-түлүк коопсуздугу маселеси өтө курч турду.

Өкмөттө эң көп жана эң аз айлык алган министрлер. Тизме

— Канча көлөмдө гуманитардык жардамды ала алдык?

— Биз адегенде ПЦР жана экспресс-тесттер, реагент жана жеке коргонуу каражаттары менен камсыздоого аракет кылдык. Аны менен катар эле өлкөнүн керектөөсүнө жараша гуманитардык жана башка жардамдарды тартуу жөнүндө сүйлөшүүлөрдү жүргүздүк.

Гуманитардык жардам иретинде 73 миң экспресс-тест (Кытай — 64 миң, Япония — 2 миң, КР ардактуу атуулу — 500, ПРООН — 6,5 миң даана), ошондой эле Россия — 110 миң, Кытай — 100 миң, Өзбекстан — 50 миң, Түркия — 20 миң, Түштүк Корея — 26,9 миң, Ислам өнүктүрүү банкы — 30,4 миң, ПРООН — 6,5 миң, жалпы 303 миңден жогору ПЦР-тест алынды.

Жеке коргонуу каражаттарынан: 1,61 миллиондон ашуун бир жолку пайдаланылчу бет кап, 333 миңден ашык көп ирет пайдаланылчу респиратордук бет кап (фильтрлүү), 86 миңден жогору атайын коргонуучу бет каптар, 85 миң чакты коргоочу комбинезон, миллиондон ашуун медициналык мээлей, 8,5 миң литрдин тегерегиндеги дезинфекциялоочу каражат (антисептик, санитайзер жана башка медициналык багыттагы препараттар түрүндө), 364төн ашуун кычкылтек концентратору, 220 чакты жасалма дем алдыруучу аппарат, 3,5 миллиондон өйдө шприц келди. Биз досторубузга жана өнөктөштөрүбүзгө чын дилден ыраазычылык билдиребиз.

Министр иностранных дел КР Чингиз Айдарбеков на брифинге 12 мая 2020 года
© Фото / Республиканский штаб КР по борьбе с COVID-19
Чыңгыз Айдарбеков: ТИМде жаңы — медициналык дипломатия багыты пайда болду. Борбордук аппараттын жана чет жердеги мекемелердин кызматкерлери медициналык жабдуу, дары-дармек, жеке коргонуу каражаттарын сатып алууга жардамдашып жатат

— Биз билгенден Россия дагы бир топ жардам бериптир...

— Сооронбай Жээнбеков менен Владимир Путиндин макулдашуусуна ылайык Кыргызстанга Роспотребнадзордун делегациясы келген, ал түгүл биздин өлкө коронавирусту аныктоо үчүн 30 миң ПЦР-тестти жардамга алды.

РФтин субъектилери Чечен Республикасы менен Башкортостан жардамга кол сунууну чечишти. Аны менен катар 21 жана 23-июлда Бишкекке Россиянын Коргоо министрлигинин атайын борту менен медиктер, дары-дармек жана атайын жабдуулар келип түштү. Россиянын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги да жабдуулар менен бирге адистердин тобун жөнөткөн. Россия тарабынан COVID-19га каршы күрөш убагында берилип жаткан жардамдар кайтарымсыз экенин белгилеп кетүү маанилүү. Бул биздин союздаштык мамилени жана стратегиялык өнөктөштүктү дагы бир ирет айгинелейт.

Тышкы иштер министри Айдарбеков коронавирустан айыкканын билдирди

— ТИМ жетекчилигине дайындалган жылы чет жактарга көп чыктыңыз. Алардын жыйынтыктарын билсек болобу?

— Бардык жолугушуу, сүйлөшүү, иш сапар, форумдардын катышкан тараптардын ар бири үчүн анык бир максаты бар. Мамлекет башчылары, өкмөттөр, парламенттер, ведомстволор деңгээлиндеги жолугушуулардын ЖМКда чагылдырылган бөлүгү көрүнгөн гана жагы болуп саналат. Ал эми даярдык көрүү, көп сандагы эксперттик жолугушуулар көмүскөдө калат.

Кызыкдар тараптардын тиешелүү органдарынын күжүрмөн ишинин натыйжасында, алардын аракети менен жеткирилген компромисс жана консенсустун негизинде гана иш сапарлар жана жыйынтыктоочу келишимдер бекитилет.

Эки жана көп тараптуу мамилелерди түзүү комплекстик ыкманы, ачык, билинбеген, өзгөчө, потенциалдуу терс жана оң факторлорду бир убакта эсепке алууну талап кылат. Тышкы саясий ведомстволор эл аралык мамилелердин күрөө тамырлуу системасынын маанилүү бөлүгү болуп саналат.

Выступление министра иностранных дел Кыргызстана Чингиза Айдарбекова на 74-й сессии Генеральной Ассамблее ООН. 28 сентября
© REUTERS / BRENDAN MCDERMID
Чыңгыз Айдарбеков: өлкө тышындагы 42 шайлоо тилкесин түзүү маселеси макулдашылды. Ошондой эле КРдин Италия жана Францияда ачылган элчиликтериндеги эки тилкени бекитүү пландалууда

— Сиздер өлкө жетекчилиги менен алдыдагы сапарларды талкуулайсыздарбы?

— Ар бир иш сапарым боюнча президент жана премьер-министр менен макулдашылат. Мен жарандар менен жүргүзүлчү маалымдоо-түшүндүрүү иштерине айрыкча көңүл бурам. Балким, бардык сүйлөшүүлөр, иш сапарларымды активдүү жана толук чагылдыруудан улам мага чейинки министрлерге караганда сыртка көп чыккандай сезилип жаткандыр, бирок андай эмес. Айтмакчы, ушул темага өзүнчө талдоо жүргүзүлгөн. Чет өлкөгө болгон сапарларымдын саны боюнча европалык жана башка мамлекеттер тургай, КМШ өлкөлөрүндөгү кесиптештериме салыштырмалуу ортоңку саптарда турам.

Кыргызстан БУУ трибунасынан дүйнөгө чакырык таштады

— Тышкы иштер министрлигин аркалаганыңыздан бери өлкө үчүн эң баалуу жетишкендиктерден үчтү атай өтсөңүз.

— Дароо тактагым келет. Терең көз карашым боюнча тышкы саясаттын ички саясаттын логикалык уландысы катары так ориентирлери, милдет, максаттары бар. Алар алдын ала иштелип чыгып жана макулдашылат. Кыргызстандын тышкы саясатын президент аныктайт. Дипломатияда ар бир нюансты көз жаздымда калтырбоо керек. Ошондуктан чечимдерди салмактап, терең ойлонуп кабыл алуу маанилүү.

ТИМ менен президенттин, өкмөттүн, Жогорку Кеңештин аппараттарынын ортосунда жөнгө салынган ишти абдан канааттануу менен белгилейм. Бардык мамлекеттик мекемелер менен өз ара тыгыз аракеттенүү байкалат. Кесиптештеримдин кесипкөйлүгү, биримдиги, берилип иштегени ушундай жыйынтыктарга жеткирип отурат.

Иш башында эле дипломаттардын квалификациясын, билим деңгээлин жогорулатып жана тажрыйбасын арттырууга басым жасадым. Кадр тандоонун укуктук-ченемдик базасын толуктап чыгып, так жана ачык процедураларын киргиздик. Жаш адистер үчүн көп баскычтуу, атаандаштык тартиптеги ачык сынак бекитилген. Кынтыксыз даярдыгы жана чет тилдерин билген жаштардын арасында ТИМ системасына болгон кызыгуу күч экени байкалат.

Былтыр биздин иштин маанилүү жыйынтыгы —– Кыргыз Республикасынын тышкы саясатынын концепциясынын кабыл алынганы болду. Ага абдан кылдат даярдык жүргөн.

Аткаминерлердин аккаунтуна эмне кызыктар жарыяланат? Рейтинг

— Дүйнөдө ааламдашуу, либерализмдин солгундоо жана дүйнөдөгү экономикалык каатчылык шартында КРдин тышкы саясатын кандай көрүп турасыз?

— Харуки Муракаминин чыгармаларынын биринде: "Бороон акыры токтойт, анан ага кантип туруштук бергениң да эстен чыгып кетет. Сен анын чындап бүткөнүнө деле так ынана албайсың. Бирок талашсыз бир нерсе бар: бороонго туруштук бере алган соң сен ал башталганга чейинки адам бойдон калбайсың. Анын толук маңызы мына ушунда болгон". Жогоруда белгилегендей, тышкы саясатта биз мамлекеттик кызыкчылыкты бийик коёбуз. Эл аралык мамилелердин ар бир субъектисинин өз күн тартиби, милдет жана максаттары бар.

Максат жана милдеттеринен пайдаланып, экинчи тараптын ушундай эле жактарын эске алып, өз дараметин жана мүмкүнчүлүктөрүн өлчөө менен биз ыкмаларын иштеп чыгып, тийиштүү кадамдарды ырааттуулук менен ишке ашырабыз.

Министр иностранных дел КР Чингиз Айдарбеков встретился с казахстанским коллегой Кайратом Абдрахмановым
© Фото / пресс-служба МИД Кыргызстана
Чыңгыз Айдарбеков: Казакстан менен бир туугандык, достук жана коңшулук жылуу мамилебиз болгонун жана бар экенин баса белгилегим келет

— Кыргызстан менен Казакстандын мамилесинин солгундашына көбүнесе кошуна мамлекеттин ЕАЭБ мейкиндигинде өз бизнесинин кызыкчылыгын сүрөмөлөгөнү себеп болууда. Бул маселени чечүүдө өлкөнүн стратегиясы кандай? Өндүрүш жана соода тармактарын бөлүшүп алуу боюнча макулдашууга чындап эле болбойбу?

— Биринчи кезекте Казакстан менен бир туугандык, достук жана коңшулук жылуу мамилебиз болгонун жана бар экенин баса белгилегим келет.

Сиздерге белгилүү болгондой, ЕАЭБ — бул 183 миллиондон ашуун калкы бар рынок. Анда товар, кызмат көрсөтүү, капитал жана жумушчу күчүн эркин айлантуу камсыздалууга тийиш. Ар бир өлкөнүн интеграциялык бирикмеден өз ордун таап жана ээлөө тилеги да табигый көрүнүш.

Бул өңүттө адилеттүү атаандаштык — кыйла табигый процесс жана бул улуттук экономикалардын кыймылдаткычы катары кызмат кылат. Аталган биримдик өнүгүүдө, бекемдөөдө. Ошону менен катар ага мүчө мамлекеттер өз өндүрүшүн өбөлгөлөөгө умтулууда.

ЕАЭБде тоскоол жараткан жагдайларды жоюунун өз механизми бар, Кыргызстан андан активдүү пайдаланып келет. Жакында эле бул уюмга мүчө мамлекеттердин чек аралары аркылуу товар алып өтүүдөгү талаш маселелерди жана эки ача пикирлерди жөнгө салуу үчүн ыкчам комитет (жогорку деңгээлдеги жумушчу топ) түзүү чечими кабыл алынды.

— Япондуктар сылыктыгы жана уюшкандыгы, немистер убакытка тактыгы жана тыкандыгы менен белгилүү. Кыргызстандыктардын таанылуусуна кайсы сапаттар көмөкчү боло алмак?

— Калкыбыз байыркы тарыхка ээ экени талашсыз. Көптөгөн тарыхый летопистерде, Чыгыш менен Батыштан келген саякатчылардын жазууларында маалымдалгандай, кыргыздар баатырдыгы, эр жүрөктүүлүгү, эркиндикти сүйгөнү, өзүнүн улуттук ынтымагынын баркын баалай билгени менен айырмаланат.

Соңку жана заманбап тарыхта, ошондой эле COVID-19 пандемиясынын оор маалында эл биримдигин, бири-бирине кол суна билерин, кан-жанын аябастыгын, ыктыярдуулугун ачык көрсөтө алды. Менимче, булар бизди баарынан артык мүнөздөйт.

Ким эле, ким болду? Өкмөт мүчөлөрүнүн кандай билими бар

— Кыргызстандын эл аралык аренада аброю кандай?

— Өлкөнүн реалдуу демократияны, укуктук мамлекеттин принциптерин, социалдык-экономикалык, маалыматтык-технологиялык модернизациясын илгерилетчү жагымдуу аброю бар. Ошону менен бирге эле кыргыздардын сакталып калган улуттук бөтөнчөлүгү, атап айтканда, биздин салт-санаа, маданият, дүйнө таанымы да маанилүү.

— Жергиликтүү тажрыйбалуу дипломат кыргыздар башка тилдерде да так сүйлөрүн, анткени буга өткөн турмушундагы көчмөн турмуш түрткү болгонун айтат. Көчмөндөр жаңы шарттарга тез көнүп кетүүгө аргасыз болгон экен. Буга макулсузбу?

— Кыргызстан эли абдан таланттуу жана бөтөнчө келет. Башка тилдерде сүйлөө жаатында дасыккан дипломатка кошулбай коё албайм.

Белгилер:
эпидемия, иш сапар, саясат, Кыргызстан, маек, Тышкы иштер министрлиги, Чыңгыз Айдарбеков
Тема боюнча
ТИМ: чет өлкөдөгү дипломаттар учурда дары, реанимобиль алуу жолун издеп жатат
АКШнын санкциясын эске алып. Кыргызстанда жаңы паспорт кантип жасалууда
Камбоджа, Иордания, Мальдив... Бишкекке 142 кыргызстандык кайтты
Манас аэропорту. 1978 жыл

Керосин жер алдындагы түтүк менен келчү. "Манас" аэропорту кантип курулган

(жаңыланган 20:07 23.04.2021)
Мындан туура 47 жыл мурун Фрунзе шаарынын четинде "Манас" эл аралык аэропортунун учуп-конуу тилкесинин курулушу аяктап, аба майдан алгачкы учактарды кабыл ала баштаган.

Курулушка кезинде жүздөгөн техника, жумушчулар тартылып, миллиондогон рубль акча жумшалган. Sputnik Кыргызстан агенттиги өлкөнүн негизги авиациялык жайы кандай кыйынчылыктар менен курулуп, ири долбоор кантип ишке ашканына кызыгып көрдү.

Фрунзе шаарына жаңы аэропорт керек!

Кыргыз ССРинин борборуна жаңы аэропорт куруу демилгеси 1969-жылы көтөрүлүп, жергиликтүү бийлик Москвага каржылык колдоо көрсөтүү өтүнүчү менен кайрылган. Анткени Фрунзе шаарынын Тынчтык (азыркы Чыңгыз Айтматов) проспектисине жакын жайгашкан аба майдандын жүргүнчүлөрү көбөйүп, коопсуздук маселеси дагы тынчсыздануу жараткан. Аталган аэропорт аркылуу каттаган адамдардын саны бир жылда 550 миңге чукулдап калган эле. Ошондой эле учуп-конуу тилкесинин айланасына турак жайлар жакын болгондуктан учкучтар көбүнчө ал үйлөрдүн үстүнөн 40-50 метр бийиктикте эле өтүшчү. Андан сырткары, ал жерде Абадан коргонуу күчтөрүнүн аскердик тик учактары, аэродрому да болуп бир катар кооптуу тобокелчиликтерди пайда кылган.

Обновленное здание аэропорта Манас. 1980 год
© Фото / пресс-служба агентства гражданской авиации КР
История международного аэропорта "Манас"

Бирок СССРдин Жарандык авиация министрлиги, Мамлекеттик пландык комитети кыргыз бийлигине төмөндөгүдөй жооп берген:

"Алдын ала эсептөөлөр боюнча жаңы аэропортту салууга 46-50 миллион рубль жумшалат. Аталган курулушту шаардын четине чыгаруу 80-жылдарга гана пландалган".

Ага карабай кыргыз бийлигинин башында турган Турдакун Усубалиев өжөрлөнүп СССРдин жетекчиси Леонид Брежнев, Алексей Косыгинге чейин барып, аларды макул кылат. Жыйынтыгында СССРдин Министрлер кеңешинин төрагасы Фрунзедеги жаңы аэропорттун курулушун 1972-жылы баштоо боюнча токтом кабыл алган.

Турдакун Усубалиев на открытии аэропорта Манас
© Фото / пресс-служба агентства гражданской авиации КР
История международного аэропорта "Манас"

Долбоорлоо, алгачкы даярдыктар

Ошентип жаңы аэропорттук комплексти толугу менен долбоорлоо милдети СССРдин Жарандык авиация министрлигинин алдындагы Бүткүл союздук "Аэропроект" илимий-изилдөө институтуна жүктөлүп, адистер Москвадан бери келген. Ири курулушту каржылоонун негизги бөлүгүн борбордук бийлик бөлгөн. 800 гектар жер бөлүнүп, 600дөй жумушчуларга ылайыкталган чакан кыштак, 1000 тонна цемент бата турган кампа даярдалып, кум-шагыл даярдоочу орнотмо, ээн талаага жол салынып коммуникация тартылган.

Авиарейс Москва-Фрунзе был открыт в 1975 году
© Фото / предоставлено Международным аэропортом "Манас"
Архивные кадры международного аэропорта "Манас"

Жүздөгөн куруучу, техника...

Курулуш 1973-жылы башталган. Ошол учурду Кыргызстан Коммунисттик партиясынын борбордук комитетинин биринчи катчысы Турдакун Усубалиев мындайча жазган:

"Башында киришкенде иштөө шарттары аябай оор болчу. Куруучулар кагыраган жерди бир метрден четинен багындырган. Жайкысын күндүн ысыгы 40 градуска чейин жогорулаганда көпчүлүк жумуштар кеч киргенде жасалчу", — деп жазган мамлекеттик ишмер.

Күн сайын жумушка 150-200дөй жүк ташуучу унаа чыгып, алар жалпы 2,8 миллион куб метр топурак-ташты ташып, түздөп, жалпы 3400 тонна арматураны пайдаланып 240 миң куб метрден ашык темир бетон жумшалган. Жыйынтыгында узуну 4200 метр, туурасы 60 метр жана калыңдыгы 40 сантиметр болгон учуп-конуу тилкесин, учактар ары-бери жүрчү жана токтоочу жайды адистер 5,5 айда аяктаган.

Ошондой эле жаңы аэропорт менен Фрунзе шаарын байланыштырган 30 чакырым узундуктагы автомагистраль салынып, ал жактагы автовокзал колдонууга берилип, жолду бойлой көчөт тигилген. Аба майдан 1974-жылы Кыргыз ССРинин 50 жылдык мааракесине карата ачылып, жаңы аэропортко биринчилерден болуп СССР Министрлер Кеңешинин төрагасы Алексей Косыгин конгон.

Стюардесса обслуживает пассажиров во время перелета с аэропорта Манас в Стамбул. 1994 год
© Фото / предоставлено Международным аэропортом "Манас"
Архивные кадры международного аэропорта "Манас"

Жер алдынан аккан авиациялык керосин

Андан соң аэровокзал жана кошумча объектилердин курулушу башталып, беш чакырымдан ашык суу түтүктөрү, 40 чакырымдай электр чубалгылары тартылып, жүздөгөн куруучу комплекстин ичи-тышын жасаган. Эң кызыгы, темир жолдон аэропортко чейин 30 чакырым узундуктагы авиакеросин түтүгү жер алды менен алып келинген. Ал аркылуу авиациялык жайдагы учактар өз убагында күйүүчү-майлоочу материалдар менен камсыздалып турган. Эгер андай түтүктөр жаткырылбаганда күн сайын ондогон унаа борбордон аэропортту көздөй каттамак. Тилекке каршы, кийин ал объектилер каралбай, ушу тапта иштетилбей жер алдында чирип жатат.

Летчики на международном аэропорту Манас
© Фото / предоставлено Международным аэропортом "Манас"
Архивные кадры международного аэропорта "Манас"

Каржылоо, калып калган иштер

80-жылдардын соңуна чейин "Манас" аэропортунун курулушуна жалпы 80 миллион рублдей акча кеткен. Анын төрттөн бир бөлүгүн кыргыз бийлиги чыгарса, калганы бүткүл союздук казынадан келген. Аба майдан заманбап техника менен жабдылып, авиациялык жай түрдүү типтеги учактарды кыйынчылыксыз кабыл алып калган.

СССРдин эмгек сиңирген учкучу Ишембай Абдраимов. Архив
© Фото / предоставлено Кыргызским авиационным институтом имени Ишембая Абдраимова
Бирок ишке ашпай калган пландар дагы болгон. Мисалы, республиканын эң негизги аба майданынын жанына 200 адамга ылайыкталган мейманкана салынмак. Ал имараттар Кыргызстан көз карандысыз болгондон кийин дагы курулган эмес.

Ата мекендик авиациянын ардагер учкучу Кубанычбек Козубековдун союз тарагандан кийин Кыргызстанда авиация тармагы кантип кыйраганын айтып берди.

"Союз маалында борборлоштурулган башкаруу болчу, учактын тетиктери, техниканы оңдоо, күйүүчү-майлоочу материалдар, автоунаалар өз убагында келчү. Ал кездеги авиация менен азыркыны салыштырууга болбой калды. Мисалы, Кыргызстан жаңы эгемендүүлүк алганда "Манас" аэропортунда ТУ-154 учагынан 13, ТУ-134төн төртөө жана Ми-8 деген тик учактан ондон ашыгы бар эле. 90-жылдары алар оңдолбой, каралбай токтоп тура берип, ата мекендик авиация кыйрады. Мамлекет башындагылар аэропорттун карамагындагы объектилерди ич ара бөлүшүп алышты да, салык төлөбөй иштеп миллиондорду таап жүрүшкөн", — деди Козубеков.

Здание международного аэропорта Манас. 1981 год
© Фото / предоставлено Международным аэропортом "Манас"
Архивные кадры аэропорта "Манас"

Азыркы "Манас" аэропорту

Учурда республиканын негизги аэропорту жыл сайын миллиондогон жүргүнчүлөргө кызмат көрсөтүп, КМШ, Азия, Жакынкы Чыгыш өлкөлөрүнө 30дай түрдүү каттам аткарып, 20га чукул эл аралык авиакомпания менен кызматташып келет.

Материал көрүнүктүү мамлекеттик ишмер Турдакун Усубалиев, ардагер учкучтардын эскерүүлөрүнүн жана ачык булактагы маалыматтардын негизинде жасалды.

Белгилер:
факты, курулуш, "Манас" эл аралык аэропорту, Кыргызстан
Тема боюнча
Эргеш Алиев — милиционерлердин "атасы". Легендарлуу генерал тууралуу 9 факты
Айтматов "Манас" деп ат койгон аэропортко 44 жыл толду. Архивдик ирмемдер
Согуш ардагерлери. Архив

Өкмөт согуштун ардагерлерине төлөнүүчү жөлөк пулдун суммасын бекитти

(жаңыланган 19:55 23.04.2021)
Согуштун ардагерлерине ар кандай категорияга карап компенсация берилет. Анын суммасы 15-20 миң сомдун тегерегинде болду.

БИШКЕК, 23-апр. — Sputnik. Өкмөт 1941–1945-жылдардагы Улуу Ата Мекендик согуштун катышуучуларына жыл сайын бир жолку төлөнчү жөлөк пулдун суммасын бекитти.

Тийиштүү токтомго премьер-министр Улукбек Марипов кол койгон.

Бир жолку төлөнчү жөлөк пулдун суммасы:

  • Улуу Ата Мекендик согуштун майыптарына – 20 000 сом;
  • Улуу Ата Мекендик согуштун катышуучуларына – 20 000 сом;
  • 1941-жылдын 8-сентябрынан тартып 1944-жылдын 27-январына чейинки блокада мезгилинде Ленинград шаарындагы ишканаларда, мекемелерде жана уюмдарда иштеген жана "За оборону Ленинграда" медалы менен сыйланган адамдарга, ошондой эле "Жителю блокадного Ленинграда" белгиси менен сыйланган адамдарга – 20 000 сом;
  • Жашы жете элек курагында туткунга алынгандарга – 20 000 сом;
  • Согушта курман болгон жоокерлердин жесирлерине – 15 000 сом;
  • Ооруктагы каарман эмгеги жана кынтыксыз аскердик кызматы үчүн СССРдин ордендери жана медалдары менен сыйланган адамдарга – 15 000 сом;
  • Жумушчу колонналарга (эмгек армиясына) мыйзамсыз түрдө күч менен мобилизацияланган жана кийин реабилитацияланган жарандарга – 15 000 сом;

Жыл сайын майрамга карата берилчү жөлөк пул:

  • Улуу Ата Мекендик согуштун майыптарына - 600 сом;
  • Улуу Ата Мекендик согуштун катышуучуларына - 400 сом;
  • 1941-жылдын 8-сентябрынан тартып 1944-жылдын 27-январына чейинки блокада мезгилинде Ленинград шаарындагы ишканаларда, мекемелерде жана уюмдарда иштеген жана "За оборону Ленинграда" медалы менен сыйланган адамдарга, ошондой эле "Жителю блокадного Ленинграда" белгиси менен сыйланган адамдарга - 400 сом;
  • Жашы жете элек курагында туткунга түшкөндөргө – 400 сом;
  • Фронтто курман болгон жоокерлердин ата-энелерине жана экинчи никеге турбаган жесирлерине (жесилдерине) – 200 сом;
  • Ооруктагы каарман эмгеги жана кынтыксыз аскердик кызматы үчүн СССРдин ордендери жана медалдары менен сыйланган адамдарга – 100 сом;
  • Жумушчу колонналарга (эмгек армиясына) мыйзамсыз түрдө күч менен мобилизацияланган жана кийин реабилитацияланган жарандарга — 100 сом.
Белгилер:
ардагер, Улуу Ата Мекендик согуш, жөлөк пул, Кыргызстан
Тема боюнча
Марипов митингге чыккан медиктерге компенсация төлөөгө акча тапканын айтты
Бишкекте "Эскерүү багы" акциясы өттү. Кызыл-Аскерден тартылган сүрөттөр