Курман айт быйыл кантип белгиленет? Муфтияттын 7 сунуштамаcы

© Sputnik / Кирилл Каллиников / Медиабанкка өтүүКой сойууга даярданып жаткан адам. Архив
Кой сойууга даярданып жаткан адам. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Муфтияттын маалыматына ылайык, Курман айт 31-июлда белгиленет. Мусулманчылыктагы эки чоң майрамдын бири быйыл айрым чектөөлөр менен коштолот.

Sputnik Кыргызстан маалымат агенттиги пандемияга байланыштуу Курман айт кантип өткөрүлө тургандыгын жана анда эмнелерди эске алуу керек экендигин тактап көрдү. Суроолорубузга Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгы жооп берди.

Айт намаз жана айттоо. Муфтият пандемияга байланыштуу айт намаз окулбай тургандыгын кабарлады. Ошондой эле көп адамдарды чогултуп курмандык чалуудан оолак болууга чакырат.

Курмандык качан чалынат. Соё турган малды майрамга чейин даярдап алуу сооптуу иш болуп саналат. Айт күнү, андан кийинки эки күн аралыгында чалынганы жакшы жана курмандыкты түндө чалуу сунушталбайт. Мындан сырткары, аалымдар адамдарды топтошуп алып үймө-үй айттагандан алыс болууну эскертет.

Кимдер курмандык чалууга милдеттүү. Исламда колунда бар адамдардын курмандык чалуусу милдет катары каралган. Шарият боюнча кимде 193 миң 700 сому же ага бааланган мал-мүлкү болсо, ошол инсан милдеттүү түрдө курмандык чалышы абзел. Ошол эле маалда мусулман адамдарга же банкка карызы барлар ал күндөрү мал союуга милдеттүү эмес.

Жаш балдар, улгайгандар мечитке келбей тургула! Муфтияттын кайрылуусу

Кандай малды курмандыкка чалуу керек. Курман айт күнү курмандыкка эркек, ургаачысына карабай төө, уй, кочкор, кой, теке, эчки сойсо болот. Мындан башкалары курмандыкка жарабайт. Майда мал (кой, эчки) курмандыкка бир адамдын атынан гана союлат. Бодо малды болсо бир же бир нече (эң көбү жети) кишинин атынан да союуга болот. Эгерде чогулган адамдардын арасынан биринин гана ниети курмандык эмес, башка максатта болсо ал кабыл болбойт. Ошондой эле ооруган, сокур, аксак, өтө арык, кулагы же куйругу жок мал курмандыкка жарабайт. Ал эми кулагы же куйругу бир аз кесилген жана бычылган малды курмандыкка чалууга уруксат.

Эске сала кетсек, союла турган төө беш жаштан, уй эки жаштан жогору болушу керек. Кой менен эчки бир жаштан өйдө болгону жакшы. Эгер козу чоң болсо жарым жылдык деле болот. Курмандыкка чалынган малдын терисин, эт,  жүнүн же баш-шыйрактарын сатканга жол берилбейт.

Кыргызстанда 31-июль эс алуу күнү. Түшүндүрмө

Курмандыкка союлган малдын этин бөлүштүрүү. Курмандыкка союлган малдын этин толук өзүнө калтырууга да, бардыгын таратып жиберүүгө да болот. Бирок этти үчкө бөлүп, бир бөлүгүн өзүнө, экинчи бөлүгүн кедей-муктаждарга, үчүнчү бөлүгүн тууган-туушкандарга берсе деле жакшы. Курмандыкка союлган малдын этин сатууга болбойт.

Муктаждарга кол сунгула! Курман айтта колдон келсе жетим-жесир, колунда жокторго да жардам бериш керек. Курмандыкка чалынган малдын этин таратып соопчулук иштерге бел байлаган дагы жакшы.

Жаңылыктар түрмөгү
0