Россия Кыргызстанга берген гуманитардык жардам келди. Анда эмнелер бар

© Sputnik / Павел Львов / Медиабанкка өтүүАппараты ИВЛ для Мончегорской центральной больницы от компании "Норникель"
Аппараты ИВЛ для Мончегорской центральной больницы от компании Норникель - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Жүктү бүгүн эртең менен Бишкекке Россиянын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин атайын борту жеткирип берди.

БИШКЕК, 26-июл. — Sputnik. Россия Кыргызстанга COVID-19 менен күрөшүүнүн алкагында берген кезектеги гуманитардык жардам келип түштү. Бул тууралуу КРдин Тышкы иштер министрлигинин маалымат кызматынан билдириди.

Жүктү Бишкекке Россиянын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин атайын борту жеткирип берди.

"Анда беш даана рентгенографиялык аппарат, 65 даана анестезиология жана интенсивдик терапия боюнча оксометрикалык көрсөткүчтөрү бар монитор, беш даана анестезиология жана интенсивдик терапия боюнча оксометрикалык көрсөткүчтөрү жок монитор,  өпкөнү жасалма желдетүүчү 31 даана аппарат, дары-дармектер жана медициналык бет каптар бар", — деп айтылат билдирүүдө.

Ошондой эле Россия тараптан буга чейин жардам иретинде 110 миң ПЦР-тесттер жана аларга кошумча 1 875 даана реагенттер берилди. Мындан тышкары, вирус менен күрөшүүгө кол кабыш кылуу үчүн Россиядан ондогон медиктер учуп келишкен.

Элчи Удовиченко: россиялык медиктер вируска каршы күрөшүүгө зор салым кошот

Кыргызстанда июнь айынын орто ченинен тарта коронавирус менен пневмония боюнча абал курчуп кеткен.

Жаңылыктар түрмөгү
0