Бишкекте оору басаңдап, стационарларга кайрылгандар азайды

© REUTERS / VLADIMIR PIROGOVРабота дневных стационаров в Бишкеке
Работа дневных стационаров в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Борбор калаадагы күндүзгү жана түнкү стационарларга келгендер июль айынын башындагыга салыштырмалуу азайган.

БИШКЕК, 26-июл. — Sputnik. Бишкек шаарында коронавируска кабылып стационарларга кайрылгандардын саны азая баштады. Бул туурасында калаа мэриясынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, өткөн суткада күндүзгү стационарларга 2 275 адам кайрылган, мурдагы күнү дагы ушунча болчу. Ал эми түнкү стационарларга 391 шаар тургуну келген, мурунку түндө 474 адамга жардам көрсөтүлгөн. 

Ал эми оору тууралуу кеп-кеңеш берген 118 кызматына күнүнө миңге жетпеген чалуу түшүп жатат. Июль айынын башында кайрылуулардын саны 4 500гө чейин жетип турган. 1-июлдан ушул күнгө чейин 51 818 адам чалган.

Мэр Сарыбашов: Ош шаарында медиктерге кайрылгандардын саны үч эсе азайды

Бишкек мэриясы үйдө аз алдынча дарыланбоону эскертип, оорунун белгилери байкалса күндүзгү стационарларга кайрылып убагына медициналык жардам алууга чакырат. 

Жаңылыктар түрмөгү
0