Колледждин окуучусу. Архивдик сүрөт

Аймактар муктаж болгон адистиктер жана алар билим алчу окуу жайлар. Тизме

141
(жаңыланган 09:38 28.07.2020)
Билим берүү жана илим министрлигинде эмгек рыногунун талаптары менен кесиптик билим берүүнү шайкеш келтирүү боюнча иш жүргүзүлүүдө.

БИШКЕК, 26-июл. — Sputnik. Билим берүү жана илим министрлигинде эмгек рыногунун талаптары менен кесиптик билим берүүнү шайкеш келтирүү боюнча иш жүргүзүлүүдө. Буга ылайык, ведомство Кыргызстандагы колледждерде заман талабына ылайык быйыл кандай кесип жана багыттарга студенттер алынып жатканын маалымдады.

Чаткал районунда 150 орундуу мектептин курулушу башталды

Алар:

  • Нарын шаарындагы Агро-экономикалык колледж — техник-электрик, ветеринардык фельдшер, тамак-аш технологдору даярдалат;
  • Токмок шаарындагы Агро-өнөр жай колледжи — техник-электрик, техник-электромеханик, транспорттук электр жабдууларын жана автоматиканы эксплуатациялоо боюнча адис болом дегендер билим алса болот;
  • Бишкек шаарындагы Архитектура жана курулуш менеджменти колледжи — курулуш, жыгач иштетүү боюнча технологдорду, санитардык-техникалык жана желдетүүчү түзүлүштөрдү монтаждоо боюнча адистер дайындалат;
  • ЖАМУнун Жалал-Абад колледжи — техник-программист, техник-электрик жана ветеринардык фельдшер;
  • Кызыл-Кыя Тоо–техникалык инновациялар жана экономика колледжи — жер-жемиш жана жашылчаны кайра иштетүү боюнча технологдор, модельер-конструкторлор билим алат;
  • Ысык-Көл Индустриалдык-педагогикалык колледжи — мейманканаларды жана туристтик комплекстерди тейлөө боюнча менеджерлер билим алат;
  • Кара-Балта Техникалык-экономикалык колледжи — транспорттук электр жабдууларын жана автоматиканы эксплуатациялоо боюнча адистер;
  • ОшМУнун Индустриалдык-педагогикалык колледжи — тигүүчү буюмдарды конструкциялоо, моделдөө жана технология боюнча чеберлер.
141
Белгилер:
билим берүү, кесип, аймак, Кыргызстан
Тема боюнча
Башталгыч класстар 1-сентябрда мектепке барабы? Коңшу өлкөлөрдүн планы кандай
(NaN:NaN / NaNMb / )

Кыргызстандык кыз катышкан "Ты супер!" шоусу. Түз алып берүү

9
Sputnik эл аралык агенттиги жана радиосу менен НТВ телеканалынын биргелешкен долбоорунун биринчи чыгарылышына күбө болуңуздар.

"Ты — супер!" шоусу — НТВ телеканалы менен Sputnik эл аралык агенттиги жана радиосунун ири долбоору. Ага КМШнын аймагындагы вокалдык таланты бар балдар катышат. Бүгүн мызкалык конкурстун төртүнчү сезону башталып, анда Кыргызстандын атынан 18 жаштагы Карина Амринова ат салышууда.

"Ты — супер!" сынагына катышкан Карина Амринова: ар бир ырым апама арналат

Долбоордун максаты ата-энесиз калган жаш өнөрпоздорго мүмкүнчүлүк берүү болуп саналат.

9
Белгилер:
"Ты – супер" балдар долбоору, вокал, музыка, долбоорлор, Карина Амринова
Тема боюнча
"Ты супер!" финалына чыккан балдар үйлүү болушту. Ыйлаткан видео
Тывалык бала "Ты супер" сынагында өзгөчө үнү менен калыстарды таң калтырды
Аэропорттогу жүргүнчүлөр. Архивдик сүрөт

Россияга барыш үчүн кыргызстандыктар ПЦР-тесттин жыйынтыгын көрсөтүшү керек

116
(жаңыланган 22:55 20.09.2020)
Пандемиядан улам дээрлик бардык мамлекеттер чек арасын жаап, байланыш чектелген. Эпидемиологиялык абал турукташа баштагандан бери каттамдар жанданууда.

БИШКЕК, 20-сен. — Sputnik. Россияга барууну каалаган кыргызстандыктар коронавируска тапшырган тести терс жыйынтык көрсөткөнү тууралуу маалым катын көрсөтүшү керек. Бул тууралуу КРдин РФтеги элчилиги кабарлады.

Маалыматта эки өлкөнүн ортосундагы туруктуу авиакаттам жандангандыктан 21-сентябрдан тарта  аба жолдору ачылганы айтылат.

Эми кыргызстандыктар Казакстанга учак менен гана бара алышат

"Азырынча рейс жумасына эки ирет "Аэрофлот" жана "Авиа Траффик" компаниялары аркылуу аткарылып турмакчы", — деп жазылат кабарда.

Ал эми тестти жүргүнчү Россиянын аймагына киргенге чейинки үч күндүн аралыгында тапшырышы зарыл.

116
Белгилер:
тест, коронавирус, элчилик, авиакаттам, Кыргызстан, Россия
Тема боюнча
Жалал-Абад шаарындагы айрым чектөөлөр алынмай болду
Премьер-министр Россияга болгон авиакаттамдарга чектөөлөр алынарын айтты