БИШКЕК, 26-июл. — Sputnik. Боом качыгайындагы автожол ачылып, автоунаалар тоскоолдуксуз каттап жатат. Бул туурасында ӨКМдин маалымат кызматынан кабарлашты.
Эске салсак, жамгырдан кийин Бишкек — Нарын — Балыкчы жолунун 145-чакырымын суу каптаган. Тараган видеодон автокөлүктөрдүн кыйынчылык менен өтүп жаткандыгын көрүүгө болот эле.
Боомдогу чоң жолду каптаган сел. Бийиктен тартылган сүрөт, видео
ӨКМден жолду каптаган сууну министрликтин адистери кантип кетирип жаткандыгын көрсөтүштү.
Редакция мындан төрт жыл мурда аталган капчыгайдын дал ушул жериндеги суу топтолуп калган маселе тууралуу жазган эле. Анда мындай ыңгайсыздыкка суу агып кете турган түтүктөрдүн жаткырылбаганы себеп экендиги айтылган.
БИШКЕК, 28-фев. — Sputnik. Балбайлык окуучу Бекболот Турдушев президент Садыр Жапаров менен жолукту. Ал Instagram баракчасына өлкө башчысы менен жолуккан учурда тартылган сүрөттөрүн жарыялаган.
Посмотреть эту публикацию в Instagram
Президенттин маалымат катчысы Галина Байтерек Sputnik Кыргызстан агенттигинин кабарчысына президент окуучу бала менен жолугууга убада бергенин белгилеп кетти.
Бекболот Турдушев мектебинин эскилиги жеткенин айтып, эки кабат мектеп салып бериңиз деп өлкө башчысына кайрылгандан кийин интернет жылдызына айланган.Ошондон кийин Бекболоттун Жапаров менен жолуга турганы тууралуу маалымат тараган.
Президенттин маалымат кызматы Жапаров Россияга болчу сапарынын алдында окуучу бала менен жолугуу каралган эмес дешкен.
Көп өтпөй Жапаров видео байланыш аркылуу Бекболот Турдушев менен сүйлөшкөнүн өлкө башчысынын маалымат кызматы кабарлаган.
БИШКЕК, 28-фев. — Sputnik. Жогорку Кеңештин депутаты Алмазбек Акматов 57 жашында каза болду. Кабарды парламенттин маалымат кызматы ырастады.
Анда Акматовдун узак убакыттан бери илдет менен күрөшүп келгени айтылат.
Ал 2015-жылы "Бир Бол" партиясынын тизмеси менен депутат болуп шайланган.
Алмазбек Акматов 1964-жылы 18-октябрда Нарын облусунун Ак-Талаа районундагы Дөрбөлжүн айылында төрөлгөн.
Депутаттыкка чейин СССРдин Коргоо министрлигинде аскердик-саясий кызматтарда, президенттин иш башкармалыгында, Эсеп палатасында иштеген.