Өткөн суткада коронавирустан 817 киши айыкты

© REUTERS / MARKO DJURICAОоруканадагы дарыгерлер. Архив
Ооруканадагы дарыгерлер. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Мэриянын билдирмесине ылайык, Бишкекте оору басаңдап, күндүзгү стационарларга кайрылгандардын саны азая баштады.

БИШКЕК, 27-июл. — Sputnik. Өткөн суткада Кыргызстан боюнча коронавирустан 817 киши айыкты. Бул тууралуу Коомдук саламаттык сактоо башкармалыгынын башчысы Айнура Акматова билдирди.

Бир суткада коронавирустан сакайгандардын басымдуу бөлүгү Бишкек шаары менен Жалал-Абад облусунда.

  • Бишкек — 445;
  • Чүй облусу — 66;
  • Ош облусу — 37;
  • Талас облусу — 7;
  • Нарын облусу — 1;
  • Ысык-Көл облусу — 7;
  • Жалал-Абад облусу —105;
  • Баткен облусу — 59;
  • Ош шаары — 90.

Ушуну менен өлкөдө коронавирусту 21 205 адам жеңди.

Жаңылыктар түрмөгү
0