Медицина кызматкерлери. Архив

Министрлик жеке коргонуучу каражаттарын колдонуу шартын өзгөрттү

172
Эрежелерди өзгөртүү үчүн коронавирусту жуктуруп алуу кооптуулугу боюнча медицина мекемелери үч топко бөлүндү.

БИШКЕК, 27-июл. — Sputnik. Саламаттык сактоо министрлиги Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун (ДССУ) шарттарын эске алуу менен медициналык мекемелерде жеке коргонуучу каражаттарын колдонуу тартибине өзгөртүү киргизди. Бул тууралуу Коомдук саламаттык сактоо башкармалыгынын башчысы Айнура Акматова брифинг учурунда билдирди.

Ал үчүн коронавирусту жуктуруп алуу кооптуулугу боюнча медицина мекемелери үч топко бөлүндү.

Биринчиси — вирус жуктуруу тобокелчилиги төмөн үй-бүлөлүк дарыгерлер тобу, фельдшердик-акушердик пунктулар. Бул жактарга оорулуу менен байланышта болбогон, вирустун белгилери жок же эпидемиологиялык абал анча кооптуу эмес өлкөлөрдөн келген жарандар кайрылса, дарыгер бир жолу колдонулуучу медициналык бет кап кийсе жетиштүү. Ошол эле учурда байтапта дагы бет кап болушу шарт;

Экинчиси — ушул эле мекемелер, бирок бейтап жөтөл, тамак оору сыяктуу вирустун белгилери менен келсе коргонуу каражаттарын өзгөртүшү керек. Мисалы, респиратор, көз айнек, бет калкан, коргонуучу костюм же бир жолу кийилчү халат. Ошондой эле баш кийим, кол кап, алмаштыруучу туюк бут кийим болушу шарт;

Үчүнчүсү — коронавируска кабылгандар же шектелип жаткандар дарыланган оорукана, стационарлар. Ошондой эле обсервация жайлары, мобилдик бригада жана Тез жардам кызматы кирет. Буларда милдеттүү түрдө респиратор, көз айнек, бет калкан, коргонуучу костюм (же жеңи узун бир жолку кийинчү халат), бутка туюк бут кийим, анын үстүнөн бахила кийилет.

Бишкектеги ооруканаларда бейтаптар азаюуда. Бош орундардын тизмеси

Өзгөртүүлөр дарыгерлер менен ыктыярчылардын кайрылуусун эске алуу менен киргизилди.

Белгилей кетсек, бүгүн коронавирус жуктуруп алгандардын саны 33 296 болду. Анын 21 205и айыгып, тилекке каршы, 1 301 киши көз жумду.

172
Белгилер:
Кыргызстан, коронавирус, оорукана, костюм, коргонуу, эреже, дарыгерлер
Тема боюнча
Окумуштуулар COVID жукканда эмнеге адам жыт сезбей каларын аныкташты
Бишкек — Ош автотрассасы. Архив

Шаршембиге карата аба ырайы

20
22-сентябрда күндүз жаан-чачын жаабайт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.

БИШКЕК, 21-сен. — Sputnik. Шаршембиде республиканын кээ бир аймактарында өткүн өтүп, күн күркүрөйт. Бул тууралуу Кыргызгидромет билдирди.

Абанын температурасы Чүй облусунда +22…+27, Талас өрөөнүндө +20…+25, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарында +25…+30, Ысык-Көл, Нарын аймактарында +20…+25 градус жылыйт.

Күндүн табы Бишкекте +24…+26, Ош шаарында +28…+30 градусту көрсөтөт.

20
Белгилер:
аба ырайы, сентябрь, Кыргызстан
Тема боюнча
Жаан-чачындуу күндөр башталабы? Бир жумага карата аба ырайы
Түндүк электрдин кызматкери оңдоо иштер учурунда. Архив

Эртең Бишкектин 29 көчөсүндө жарык өчөт. График

58
Электр жарыгы шаардын борбордук бөлүгүнөн тышкары жаңы конуштарда дагы өчүрүлөт. Буга пландык оңдоолор себеп болууда.

БИШКЕК, 21-сен. — Sputnik. Эртең, 22-сентябрда, Бишкектин 29 көчөсүндө жарык өчөт. Бул тууралуу "Түндүк электр" ишканасы кабарлады.

Жарык берүү үзгүлтүккө учурай турган аймактар:

  • 9:00-13:00 — Ак-Босого конушунда;
  • 9:00-18:00 — Манас проспектисинин бир бөлүгүндө, Абдумомунов, Фурманов, Севастопольский, Шота Руставели, Целинное, Сухомлинов, Московский көчөлөрүнүн бир бөлүгүндө;
  • 9:30-14:00 — Широкий, Томск, Зайсанский, Львов көчөлөрүнүн бир бөлүгүндө, Тушинский туюк көчөсүндө;
  • 9:30-19:00 — Саратовский, Пархоменко, Фрунзе, Комсомольский, Буденный, Салиева, Шайыр, Тульский, Сводобный, 8-Март, Элебесов, Семипалатинский, Арычный, Токтоналиев көчөлөрүнүн бөлүктөрүндө, Манас проспектисинде жана Грозненский туюк көчөсүндө.
58
Белгилер:
Бишкек, жарык өчүрүү, көчө, 'Түндүк Электр' ишканасы
Тема боюнча
Жаан-чачындуу күндөр башталабы? Бир жумага карата аба ырайы