Министрлик: абитуриенттин документинин түп нускасы азыр керектелбейт

Жазылуу
Министрлик кошумча сынактарды талап кылган адистиктер (маданият, искусство, дене тарбия, дизайн) боюнча экзамендер кадимки тартипте өтөрүн кошумчалады.

БИШКЕК, 27-июл. — Sputnik. Бүтүрүүчүлөр документтеринин түп нускасын ЖОЖдорго окуу жылдын башында гана бериши керек. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлигинин маалымат кызматы кабарлады.

Эске салсак, коронавирус пандемиясынан улам быйыл Кыргызстандын жогорку окуу жайларына кабыл алуу толугу менен онлайн форматта жүргүзүлүүдө.

"ЖОЖдорго тапшырып жаткан бүтүрүүчүлөр анда билим ала турганын тастыкташ үчүн тиешелүү документтердин көчүрмөсүн гана тиркейт. Ал эми түп нускасын окуу жылдын башында беришет", — деп айтылат маалыматта.

Министрлик кошумча сынактарды талап кылган адистиктер (маданият, искусство, дене тарбия, дизайн) боюнча экзамендер кадимки тартипте өтөрүн кошумчалады.

Жаңылыктар түрмөгү
0