Бишкектеги стационардын медициналык кызматкерлери. Архив

Бишкекте стационарларга кайрылгандар барган сайын азаюуда

188
(жаңыланган 14:23 27.07.2020)
Мындай аз сандагы кайрылуулар шаарда стационарлар жаңыдан ачылып жатканда болгон. Ал кезде шаарда болгону төрт стационар иштеп баштаган болчу.

БИШКЕК, 27-июл. — Sputnik. Бишкекте стационарларга кайрылгандардын саны күн сайын кыскарып жатат. Бул тууралуу мэриядан билдиришти.

Маалыматка ылайык, акыркы суткада шаардагы 13 күндүзгү стационар 1 688 кишини кабыл алды.

"1 688 киши ооруканага жаткырылды. 27-июлга караган түнү түнкү стационарларга 357 киши кайрылган. 27-июлга карата күндүзгү стационарлар 72 миң 4 кишини кабыл алса, түнкү санитардык бөлүмгө 6 644 бейтап кайрылган", — деп айтылат маалыматта.

Мындай аз сандагы кайрылуулар шаарда стационарлар жаңыдан ачылып жатканда болгон. Ал кезде шаарда төрт стационар иштечү.

Бишкектеги ооруканаларда бейтаптар азаюуда. Бош орундардын тизмеси

Маалыматта өткөн суткада адам өлүмү катталбаганы белгиленди. Стационарлар Саламаттык сактоо министрлиги көрсөткөн дарылоо жолу менен иш алып барууда.

Бүгүнкү күндө стационарларда баш калаадагы үй-бүлөлүк дарыгерлер борборунун (ҮДБ) медиктери, чакырылган адистер, медайымдар, санитарлар, ординаторлор жана ыктыярчылар иш алып барууда.

Өткөн суткада коронавирустан 817 киши айыкты

Алар 14 күн иштеген соң эки жумага обочолонууга кетишет. Бүгүн нөөмөт алмашуу болуп, жаңы топ келип, ишке киришти. Медиктер коргонуучу каражаттар, ысык тамак, Garden мейманканасынан убактылуу жашоочу жай жана акысыз байланыш менен камсыздалган.

Карантиндик-казармалык режимге байланыштуу дарыгерлер күнүнө 2 миң 300 сом алышат. Орто медкызматкерлерге жана бул ишке тартылгандарга 2 миң сомдон чегерилет. Кичи медкызматкерлер болсо 1 800 сомдон алышат.

188
Белгилер:
пневмония, коронавирус, бейтап, стационар, Бишкек
Тема:
Коронавируска байланыштуу Кыргызстандагы кырдаал (2269)
Тема боюнча
Россия жиберген гумжардам Саламаттык сактоо министрлигине салтанаттуу тапшырылды
Мектептеги окуучулар. Архив

Кыргызстанда окуучулар кайсы айда мектепке барары айтылды

6796
(жаңыланган 22:40 30.09.2020)
Мектептерде ар кандай иш-чаларды өткөрүүгө жана ата-энелер менен башка уюмдардын өкүлдөрүнүн имаратка кирүүсүнө уруксат жок.

БИШКЕК, 30-cен. — Sputnik. 2020-жылдын 6-октябрынан тарта 1-класстан 6-класска чейинки окуучулар жалпы билим берүү мекемелеринде салттуу түрдө окуй баштайт. Мындай чечим Республикалык ыкчам штабдын отурумунда кабыл алынды.

Маалыматка караганда, 2020-2021-окуу жылында 1-6-класстын окуучулары үчүн билим берүү процессин реалдуу режимде жандандырууда санитардык-гигиеналык нормаларды сактоо боюнча иш-аракеттердин алгоритми иштелип чыкты. 

Ага ылайык, окуучулардын жана мугалимдердин ден соолугу медицина кызматкерлери тарабынан көзөмөлдөнүп, мугалимдердин дене табы өлчөнүп турууга жана бет кап режимин сактоого тийиш. Окуучулар окуу процессинде аралыкты сактоо менен отургузулат. Алар колдорун бат-бат жууп турушу үчүн тиешелүү каражаттар менен камсыз кылынат.

3D китебинин автору: оюн түрүндөгү "Ойнобук" баланын акылын өстүрөт

Ошондой эле кызматкерлердин, үй-бүлө мүчөлөрүнүн ден соолугу, аларда илдеттин белгилеринин бар-жогу боюнча анкета толтурулуп турат.

“Эгерде мектепте окуучулардын саны 200гө чейин болсо, план боюнча бекитилген расписаниеге ылайык кадимки режимде окуу процесси уюштурулат. Ал эми балдардын саны 350гө чейин болсо, ийкемдүү расписание боюнча окутулат. Тагыраагы, сабактардын башталышы жана тыныгуулар ар кандай убакытта уюштурулат. Мисалы, 1-2-класстарда сабак 8.00дө башталса, 3-4-класстар саат 8.30га келишет. Балдардын саны 500гѳ чейин болсо, кезектешүү негизде болот. Мисалы, 1-2-3-класстар 1-кезметте, 4-5-6-класстар 2-кезметте окушат. Ашканада тамактануу процесси да смена боюнча уюштурулат”, — дешти штабдан.

Муну менен катар мектептерде ар кандай иш-чаларды өткөрүүгө жана ата-энелер менен башка уюмдардын өкүлдөрүнүн имаратка кирүүсүнө уруксат жок.

Ал эми мектеп балдар келгенге чейин дезинфекцияланууга тийиш. Бирок бул иш-чарада пайдаланыла турган каражаттардын концентрациясы белгиленген өлчөмдө гана колдонулат.

6796
Тема:
Коронавируска байланыштуу Кыргызстандагы кырдаал (2269)
Тема боюнча
5-октябрдан тарта башталгыч класстар мектепке барып окуйбу? Расмий жооп
Кол чатыр көтөргөн кыз. Архив

Бейшембиге карата аба ырайы

150
(жаңыланган 21:03 30.09.2020)
Бейшембиге караган түнү айрым райондордо жамгыр жаап, тоолуу өрөөндөрдө кар жаашы күтүлөт.

БИШКЕК, 30-сен. — Sputnik. 1-октябрь, бейшембиде, күндүз Талас облусунун кээ бир райондорунда, Ысык-Көл, Нарын жергесинин көпчүлүк аймактарында, Чүй, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын тоо этектеринде жамгыр жаап, тоолуу жерлерге кар түшөт. Бул тууралуу Кыргызгидромет билдирди.

Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.

Жер көчкөн Кара-Кече көмүр кенине электр жарыгы берилди. Сүрөттөр

Абанын температурасы Чүйдө +14...+19, Талас, Нарын жана Ысык-Көл аймактарында +12...+17, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарында +16...+21 градус болот.

Термометрдин көрсөткүчү борбор калаабыз Бишкекте +17...+19, Ош шаарында +18...+20 градусту көрсөтүп турат.

150
Белгилер:
Кыргызстан, аба ырайы
Тема боюнча
Кыштын илеби жакындап... Октябрь айына карата аба ырайы
АКШнын Киевдеги элчилигин имараты. Архив

Киевде АКШ элчилигинде иштеген аялдын өлүмүнүн себеби иликтенип жатат

0
(жаңыланган 22:52 30.09.2020)
Алгач полиция аялды өлтүрө сабап кетишкенин билдирсе, кийинчерээк жергиликтүү басылмага укук коргоо органдарындагы ишенимдүү адам аны поезд коюп кетиши мүмкүндүгүн маалымдаган.

БИШКЕК, 30-сен. — Sputnik. Украинанын борбору Киевде АКШ элчилигинин кызматкеринин өлүмү иликтенип жатат. Бул тууралуу РИА Новости жазды.

Киев Улуттук полициясынын маалымат кызматы дипөкүлчүлүктүн кызматкери ооруканага токмок жеп түшкөндөн кийин каза тапканын билдирген. Укук коргоо органдары окуянын жагдайын тактап жатат.

Трамп: полиция кызматкерлерин жөн жерден атып кеткен киши өлүм жазасына тартылат

Полициядан билдиришкендей, шаршемби күнү Киев шаарынын Шевченко районундагы темир жол каттамына жакын жердеги токойлуу аймакта башынан жаракат алган аял жатканы тууралуу маалымат түшкөн. Ал жакка полиция кызматкерлери жана башка кызматтардын өкүлдөрү жөнөп кеткен.

"Аял эс-учун жоготкон абалда ооруканага жаткырылып, кийин ал ошол жерден көз жумган. Жабырлануучунун буюмдарын текшерүү учурунда анын АКШ элчилигинде иштей турганын тастыктаган күбөлүк табылган. Ыкчам иликтөө иш-чараларынын натыйжасында кызматкерге кол салышы ыктымал делген адамдын болжолдуу портрети түзүлүп, изделип жатат", — деп айтылат маалыматта.

Украина полициясынын өкүлдөрү РИА Новостиге маркумдун жарандыгы тактала электигин билдиришкен. Жергиликтүү маалымат каражаттарынын жазышынча, аялдын аты Санвер Никаело болгон.

Андан кийин "Цензор.НЕТ" басылмасы укук коргоо органдарындагы ишенимдүү адамга таянуу менен элчиликтин кызматкерин поезд коюп кетиши ыктымалдыгын жазган. Аял кулакчын тагынып алып темир жол жакта чуркаганы божомолдонгон.

Ошондой эле маалымат берген киши элчиликтин кызматкери желке тушунан оор жаракат алганын кошумчалаган.

0
Белгилер:
иликтөө, өлүм, кызматкер, элчилик, АКШ, Киев, Украина
Тема боюнча
Киев: бомба жардырам деген өзбекстандыкты аскерлердин кармаган учуру. Видео