Өлкөнүн банктары ооруканаларга 6 ИВЛ, 100 кычкылтек концентраторун алып берди

© Фото / пресс-служба Минздрава КРКыргызстандагы банктардын бирикмеси Саламаттык сактоо министрлигине гуманитардык жардам көрсөттү
Кыргызстандагы банктардын бирикмеси Саламаттык сактоо министрлигине гуманитардык жардам көрсөттү - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Медициналык жабдуулар "Ганси" базасындагы ооруканага жана башка медициналык уюмдарга таратып берилери айтылды.

БИШКЕК, 27-июл. — Sputnik. Кыргызстандагы банктардын бирикмесине мүчө 10 финансылык уюм Саламаттык сактоо министрлигине гуманитардык жардам көрсөттү. Бул туурасында министрликтин маалымат кызматы билдирди.

Анда өлкөнүн банктары жалпы баасы 10 миллион сом турган 6 жасалма дем алдыруучу аппарат, 100 кычкылтек концентратору жана 1 000 пульсоксиметр алып бергени айтылат. Бул жабдууларды бүгүн, 27-июлда, Саламаттык сактоо министрлигинин статс-катчысы Калысбек Шадыхановго тапшырышкан.

Россия жиберген гумжардам Саламаттык сактоо министрлигине салтанаттуу тапшырылды

Ал ыраазычылык билдирүү менен жабдууларды "Ганси" базасындагы ооруканага жана башка медициналык уюмдарга таратып берерин айткан.

Жаңылыктар түрмөгү
0