Акыркы суткада Кыргызстанда 548 адамдан коронавирус табылды

© REUTERS / BAZ RATNERМедициналык кызматкер кан үлгүлөр менен. Архив
Медициналык кызматкер кан үлгүлөр менен. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Акыркы күндөрдө вирус жуктургандарга караганда сакайгандар көбүрөөк болуп жаткандыктан, ооруканаларда бош орундар пайда боло баштады.

БИШКЕК, 28-июл. — Sputnik. Бүгүн Кыргызстан боюнча 548 адамдын коронавирус жуктуруп алганы белгилүү болду. Бул тууралуу Коомдук саламаттык сактоо башкармалыгынын башчысы Айнура Акматова брифинг учурунда билдирди.

“Алардын ичинен Бишкек шаарында - 139, Ош шаарында - 33, Чүй облусунда - 36, Ош облусунда - 65, Талас облусунда - 30, Нарын облусунда - 36, Ысык-Көл облусунда - 83, Жалал-Абад облусунда - 101, Баткен облусунда 25 киши вирус илештирип алган”, — деди Акматова.

Кечээтен бери коронавирусту жеңген 1 091 киши ооруканадан чыкты

Алардын сегизи медицина кызматкерлери экени кошумчаланды.

Жаңылыктар түрмөгү
0