Коронавирус инфекциясы дагы 28 кишинин өмүрүн алып кетти

© AFP / MARCO LONGARIМедициналык кызматкер муздатуучу камера жанында. Архив
Медициналык кызматкер муздатуучу камера жанында. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Жалпысынан өлкө боюнча вирус жуктуруп каза болгондордун саны 1 329 адамга жетти. Бул статистиканын ичинде вирус козгогон пневмония дагы бар.

БИШКЕК, 28-июл. — Sputnik. Кыргызстанда акыркы суткада коронавирус оорусунан 28 бейтап көз жумганын Коомдук саламаттык сактоо башкармалыгынын башчысы Айнура Акматова брифинг учурунда билдирди.

Кыргызстанда 30-июль — аза күтүү күнү. Коронавирустан каза тапкандар эскерилет

Ал белгилегендей, статистиканын ичинде коронавирустан тышкары анын кесепетинен келип чыккан пневмонияга чалдыккандар дагы бар.

"Бишкекте он, Ош шаарында бир, Чүй облусунда эки, Ош облусунда бир, Талас облусунда бир, Нарын облусунда эки, Ысык-Көл облусунда эки жана Жалал-Абад облусунда тогуз бейтап көз жумду", — деди Акматова.

Жалпысынан өлкө боюнча вирус жуктуруп каза болгондордун саны 1 329 адамга жетти.

Жаңылыктар түрмөгү
0