Кечээтен бери коронавирусту жеңген 1 091 киши ооруканадан чыкты

© REUTERS / VLADIMIR PIROGOVМедициналык кызматкерлер күндүзгү стационарда иш учурунда. Архив
Медициналык кызматкерлер күндүзгү стационарда иш учурунда. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Бишкектеги ооруканаларда бош орундардын саны көбөйүп, күндүзгү стационарларга кайрылгандар мурдагы күндөргө салыштырмалуу аз.

БИШКЕК, 28-июл. — Sputnik. Кыргызстанда өткөн суткада коронавирустан 1 091 киши айыкты. Бул тууралуу Коомдук саламаттык сактоо башкармалыгынын башчысы Айнура Акматова билдирди.

Анын айтымында, бир суткада сакайгандардын көбү Бишкек шаары менен Жалал-Абад, Ысык-Көл облустарында.

  • Бишкек — 329;
  • Чүй облусу — 84;
  • Ош облусу—85;
  • Талас облусу — 48;
  • Нарын облусу — 67;
  • Ысык-Көл облусу — 137;
  • Жалал-Абад облусу —195;
  • Баткен облусу —70;
  • Ош шаары — 76.

Өлкөдө ушуну менен коронавирустан сакайгандардын саны 22 296 адамга жетти.

Жаңылыктар түрмөгү
0