Биринчи Май районунун акиминин мурунку орун басары Адилет Малдыбаев. Архив

Балбак Түлөбаевдин мэриядагы ордун 31 жаштагы Адилет Малдыбаев ээледи

435
(жаңыланган 12:15 28.07.2020)
Жаңы келген жетекчи буга чейин Биринчи май районунун акиминин биринчи орун басары болуп эмгектенип жаткан.

БИШКЕК, 28-июл. — Sputnik. Бишкек шаарынын мэриясынын аппарат жетекчиси болуп Адилет Малдыбаев дайындалды. Бул туурасында муниципалитеттин маалымат кызматы билдирди.

Тиешелүү буйрукка шаар мэри Азиз Суракматов кол койду.

Жаңы жетекчи Биринчи май районунун акиминин биринчи орун басары болуп эмгектенип жаткан.

Малдыбаев 31 жашта, Каракол шаарында туулган. Аталган калаадагы №11 Максим Горький атындагы мектеп-гимназиясында окуган. Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин бүтүрүүчүсү.

Геосаясатты чагат. Ысык-Көлгө башчы болгон Балбак Түлөбаев тууралуу 7 факты

Буга чейин мэриянын аппаратын Балбак Түлөбаев башкарып келген. Ал кечээ өкмөттүн Ысык-Көл облусундагы өкүлү болуп дайындалды.

435
Белгилер:
Адилет Малдыбаев, дайындоо, жетекчи, аппарат, Бишкек мэриясы
Тема боюнча
Ысык-Көлдүн мурунку башчысы Акылбек Осмоналиев башка ишке которулду
Бишкектин Биринчи май райондук сотуна 9 судья дайындалды. Тизме
Митингтен кийин ак үйдүн абалы. Архив

Депутат: Ак үйдү калыбына келтирүүгө 400 млн. сом керек

96
(жаңыланган 18:34 22.10.2020)
Эске салсак, 6-октябрга караган түнү митингге чыккан эл Ак үйдү басып алган. Эртең менен имараттын үстүңкү кабаты алоолонуп өрттөнгөн.

БИШКЕК, 22-окт. — Sputnik. Жогорку Кеңештин имаратын калыбына келтирүү үчүн 400 миллион сомго жакын каражат керек. Бул тууралуу парламенттин бюджет жана финансы комитетинин мүчөсү Акылбек Жапаров билдирди.

Анын айтымында, 2010-жылдагы окуялардан кийин Ак үйдүн ремонтуна 380 миллион сом сарпталган, бирок андан бери баалар өсүп кетти.

Капталы жалбырттап, чатырынан түтүн уюлгуп. Ак үйдөн чыккан өрттүн видеосу

Эске салсак, 6-октябрга караган түнү митингге чыккан эл Ак үйдү басып алган. Эртең менен эрте имараттын чыгыш тарабынан өрт чыккан.

Белгилей кетсек, ЖКнын имаратында парламент, президенттин аппараты жана президент өзү иштейт.

96
Белгилер:
оңдоо, имарат, Ак үй
Тема боюнча
Башаламандыктан кийинки Ак үйдүн 7-кабаты. Видео
Бишкектеги Кыргызфильм киностудиясын имараты. Архив

"Кыргызфильм" киностудиясына жаңы жетекчи дайындалды

81
(жаңыланган 15:24 22.10.2020)
Тиешелүү буйрукка маданият, маалымат жана туризм министри Нуржигит Кадырбеков кол койгон. Бекболотов буга чейин "Айтыш" коомдук фондунун жетекчиси болуп иштеген.

БИШКЕК, 22-окт. — Sputnik. Акжолтой Бекболотов Төлөмүш Океев атындагы "Кыргызфильм" улуттук киностудиясынын директору болуп дайындалды. Бул тууралуу Маданият, маалымат жана туризм министрлигинен кабарлашты.

Новый директор национальной киностудии Кыргызфильм имени Т. Океева Акжолтой Бекболотов
© Фото / пресс-служба МКИТ КР
Акжолтой Бекболотов Төлөмүш Океев атындагы "Кыргызфильм" улуттук киностудиясынын директору болуп дайындалды

Ага ылайык, тиешелүү буйрукка министр Нуржигит Кадырбеков кол койгон.

"Эмгек кодексинин 55-58-беренелерине жана өкмөттүн 2013-жылдын 3-майындагы №236 токтому менен бекитилген "КР маданият, маалымат жана туризм министрлиги жөнүндө" жобонун 13-пунктуна ылайык, Акжолтой Бекболотов Төлөмүш Океев атындагы "Кыргызфильм" улуттук киностудиясынын директору болуп дайындалды",— деп жазылат маалыматта.

ЖК депутаттары Тилек Токтогазиевди айыл чарба министри кылып бекитти

Бекболотов буга чейин "Айтыш" коомдук фондунун жетекчиси болуп иштеген.

81
Белгилер:
дайындоо, жетекчи, кызмат, Кыргызфильм
Тема боюнча
Жапаров Зулушевди Башкы прокуратура жамаатына өзү барып тааныштырды
Тышкы иштер министри Руслан Казакбаев. Архив

Руслан Казакбаев Москвада ЖККУнун башкы катчысы менен жолукту

12
(жаңыланган 20:42 22.10.2020)
Руслан Казакбаев бүгүн эки күндүк иш сапары менен Россия Федерациясына кеткен. Анын жүрүшүндө министр россиялык кесиптеши Сергей Лавров жана башка мамлекеттик органдардын жетекчилери менен жолугушуусу күтүлүүдө.

БИШКЕК, 22-окт. — Sputnik. Бүгүн Москва шаарында Кыргызстандын тышкы иштер министри Руслан Казакбаев Жамааттык коопсуздук жана кызматташуу уюмунун (ЖККУ) башкы катчысы Станислав Зась менен жолугушту. Бул тууралуу өлкөнүн РФтеги элчилигинен билдиришти.

Алар регионго, ошондой эле дүйнөгө терс таасир этип жаткан маселелер боюнча пикир алышып, ЖККУнун алкагындагы кызматташтыктын артыкчылыктуу багыттарын талкуулашты.

Казакбаев Кыргызстандагы ички саясий абалдын турукташканы тууралуу кыскача маалымат берип, учурдагы бардык саясий процесстер мыйзам талаасында болуп жатканын айтты.

Ошондой эле тараптар ЖККУнун Жамааттык коопсуздук кеңешинин келерки сессиясына даярдык тууралуу кеп кылышты.

Эске салсак, тышкы иштер министри Руслан Казакбаев бүгүн эки күндүк иш сапары менен Россия Федерациясына кеткен. Анын жүрүшүндө министр россиялык кесиптеши Сергей Лавров жана башка мамлекеттик органдардын жетекчилери менен жолугушуусу күтүлүүдө.

12
Белгилер:
Станислав Зась, жолугушуу, ТИМ, Руслан Казакбаев, Россия, Кыргызстан
Тема боюнча
Өзбекстандын премьер-министри телефон чалып, Садыр Жапаровду куттуктады