Медиктерге ыктыярчылардан жардам алууга тыюу салындыбы? Расмий жооп

© REUTERS / FRANCIS MASCARENHASМедициналык кызматкерлер
Медициналык кызматкерлер - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Акматова өлкө жана саламаттык сактоо системасы оор абалда турганда кол сунуп, жардамын аябаган бардык четөлкөлүк өнөктөштөргө жана кыргызстандыктарга ыраазычылык билдирди.

БИШКЕК, 28-июл. — Sputnik. Өлкө аймагындагы эч бир оорукананын жетекчилигине коронавирус менен күрөшүү боюнча эл аралык уюмдардан, ишкерлерден жана ыктыярчылардан жардам алууга тыюу салынган жок. Бул тууралуу Коомдук саламаттык сактоо башкармалыгынын башчысы Айнура Акматова брифинг учурунда билдирди.

Эске салсак, буга чейин социалдык тармактарда ооруканаларга жардам алууга тыюу салынганы боюнча билдирүүлөр тараган.

Атургай дарыгерлер бул үчүн жазага тартыларын жазгандар болгон.

“Саламаттык сактоо министрлиги таабынан ооруканаларга сырттан жардам алууга тыюу салган чечим кабыл алынган эмес. Эч бир медициналык мекемеге мындай тапшырма берилген жок. Социалдык тармактардагы маалыматтар чындыкка туура келбейт”, — деди Акматова.

Акматова: медиктерге компенсация маселеси кайрадан каралат

Ошондой эле ал өлкө жана саламаттык сактоо системасы оор абалда турганда кол сунуп, жардамын аябаган бардык четөлкөлүк өнөктөштөргө жана кыргызстандыктарга ыраазычылык билдирди.

Жаңылыктар түрмөгү
0