Кыргызстандан Новосибирскиге барган топтогу 9 кишиден COVID аныкталды

© Sputnik / Евгений Одиноков / Медиабанкка өтүүАэропортто жүргүнчүдөн анализ алып жаткан медицина кызматкери. Архив
Аэропортто жүргүнчүдөн анализ алып жаткан медицина кызматкери. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Коронавируска чалдыккан жүргүнчүлөрү бар каттам 23-июлда Толмачев аэропортуна конгон. Жуктургандардын баары ооруну симптомдору жок алып жүрүүчүлөр болуп чыккан.

БИШКЕК, 28-июл. — Sputnik. Кыргызстандан Новосибирск шаарына келген каттамдагы тогуз жүргүнчүдөн коронавирус илдети аныкталды. Бул тууралуу Роспотребнадзордун аймактагы өкүлү Александр Щербатов аппараттык жыйында билдиргенин "Комсомольская правда" жазды.

"Тогуз кишиден коронавирус чыкканы боюнча маалымат алдык. Булар Кыргызстандан 23-июлда учуп келишкен", - деди Щербатов.

Кыргызстандыктар Россиядан дары-дармек жөнөттү. Видео

Ал кошумчалагандай, оору аныкталгандардын баары обсервацияга жайгаштырылган. Аларда коронавирус симптомсуз өтүүдө.

Жаңылыктар түрмөгү
0