Өлкөнү силерге өткөрөбүз! Президент бүтүрүүчүлөргө алтын сертификат тапшырды

© Пресс-служба президента КР / Султан ДосалиевКыргызстандын президенти Сооронбай Жээнбеков бүтүрүүчүлөргө "Алтын сертификат" тапшыруу аземинде
Кыргызстандын президенти Сооронбай Жээнбеков бүтүрүүчүлөргө Алтын сертификат тапшыруу аземинде - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Быйыл өлкө боюнча 67 бүтүрүүчү алтын сертификатка татыктуу болду. Алардын ичинен эң жогорку 229 баллды Алай районунун Кабылан-Көл айылындагы орто мектептин окуучусу Нурбек кызы Акмарал алган.

БИШКЕК, 28-июл. — Sputnik. Азыр мамлекеттин өнүгүүсү үчүн жаратылыш байлыгы, элинин саны эмес, калкынын билим деңгээли маанилүү. Мындай оюн президент Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 28-июлда, бүтүрүүчүлөргө алтын сертификат тапшыруу аземинде айтканын өлкө башчынын маалымат кызматы билдирди.

© Пресс-служба президента КР / Султан ДосалиевВыпускники на церемонии вручения "Золотых сертификатов" с участием президента КР Сооронбаем Жээнбековым
Азыр мамлекеттин өнүгүүсү үчүн жаратылыш байлыгы, элинин саны эмес, калкынын билим деңгээли маанилүү - Sputnik Кыргызстан
1/6
Азыр мамлекеттин өнүгүүсү үчүн жаратылыш байлыгы, элинин саны эмес, калкынын билим деңгээли маанилүү
© Пресс-служба президента КР / Султан ДосалиевПрезидент КР Сооронбай Жээнбеков на церемонии вручения "Золотых сертификатов" выпускникам средних школ 2020 года
Мындай оюн президент Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 28-июлда, бүтүрүүчүлөргө Алтын сертификат тапшыруу аземинде айтканын өлкө башчынын маалымат кызматы билдирди - Sputnik Кыргызстан
2/6
Мындай оюн президент Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 28-июлда, бүтүрүүчүлөргө "Алтын сертификат" тапшыруу аземинде айтканын өлкө башчынын маалымат кызматы билдирди
© Пресс-служба президента КР / Султан ДосалиевВыпускники на церемонии вручения "Золотых сертификатов" с участием президента КР Сооронбаем Жээнбековым
Салтанаттуу иш-чара Ала-Арча мамлекеттик резиденциясында өттү - Sputnik Кыргызстан
3/6
Салтанаттуу иш-чара "Ала-Арча" мамлекеттик резиденциясында өттү
© Пресс-служба президента КР / Султан ДосалиевПрезидент КР Сооронбай Жээнбеков на церемонии вручения "Золотых сертификатов" выпускникам средних школ 2020 года
Президент бул ийгиликтин артында бүтүрүүчүлөрдүн тырышчаак аракети менен мугалимдердин, ата-энелердин талыкпаган эмгеги турарын белгиледи - Sputnik Кыргызстан
4/6
Президент бул ийгиликтин артында бүтүрүүчүлөрдүн тырышчаак аракети менен мугалимдердин, ата-энелердин талыкпаган эмгеги турарын белгиледи
© Пресс-служба президента КР / Султан ДосалиевВыпускники на церемонии вручения "Золотых сертификатов" с участием президента КР Сооронбаем Жээнбековым
Ошондой эле ал өлкөнүн өнүгүүсү үчүн билимдин мааниси кандай экенине токтолду - Sputnik Кыргызстан
5/6
Ошондой эле ал өлкөнүн өнүгүүсү үчүн билимдин мааниси кандай экенине токтолду
© Пресс-служба президента КР / Султан ДосалиевВыпускники на церемонии вручения "Золотых сертификатов" с участием президента КР Сооронбаем Жээнбековым
Жээнбеков билим сапатын жогорулатуу өлкөнүн стратегиялык багыты болуп саналарын, ал эми сапаттуу билим алуу мүмкүндүгүн алыскы айылдарга да жеткирүү элеттик жаштар үчүн келечекке кеңири жол ачарын баса белгиледи. - Sputnik Кыргызстан
6/6
Жээнбеков билим сапатын жогорулатуу өлкөнүн стратегиялык багыты болуп саналарын, ал эми сапаттуу билим алуу мүмкүндүгүн алыскы айылдарга да жеткирүү элеттик жаштар үчүн келечекке кеңири жол ачарын баса белгиледи.
1/6
Азыр мамлекеттин өнүгүүсү үчүн жаратылыш байлыгы, элинин саны эмес, калкынын билим деңгээли маанилүү
2/6
Мындай оюн президент Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 28-июлда, бүтүрүүчүлөргө "Алтын сертификат" тапшыруу аземинде айтканын өлкө башчынын маалымат кызматы билдирди
3/6
Салтанаттуу иш-чара "Ала-Арча" мамлекеттик резиденциясында өттү
4/6
Президент бул ийгиликтин артында бүтүрүүчүлөрдүн тырышчаак аракети менен мугалимдердин, ата-энелердин талыкпаган эмгеги турарын белгиледи
5/6
Ошондой эле ал өлкөнүн өнүгүүсү үчүн билимдин мааниси кандай экенине токтолду
6/6
Жээнбеков билим сапатын жогорулатуу өлкөнүн стратегиялык багыты болуп саналарын, ал эми сапаттуу билим алуу мүмкүндүгүн алыскы айылдарга да жеткирүү элеттик жаштар үчүн келечекке кеңири жол ачарын баса белгиледи.

Салтанаттуу иш-чара "Ала-Арча" мамлекеттик резиденциясында өттү.

Президент бул ийгиликтин артында бүтүрүүчүлөрдүн тырышчаак аракети менен мугалимдердин, ата-энелердин талыкпаган эмгеги турарын белгиледи. Ошондой эле ал өлкөнүн өнүгүүсү үчүн билимдин мааниси кандай экенине токтолду.

"Коомдун интеллектуалдык потенциалын өнүгүүбүздүн негизги ресурсу катары баалайбыз. Биз бул жолду азыр гана тандап алган жокпуз, коомубуздун тарыхы, ата-бабаларыбыздын баскан жолу ушундай болгон. Биз материалдык байлыкты эмес, руханий байлыкты бийик тутуп, сактап, муундан-муунга өткөрүп келген элбиз. Силердей алдыңкы жаштарыбыз ушул жолду улантат", — деди президент.

Жээнбеков билим сапатын жогорулатуу өлкөнүн стратегиялык багыты болуп саналарын, ал эми сапаттуу билим алуу мүмкүндүгүн алыскы айылдарга да жеткирүү элеттик жаштар үчүн келечекке кеңири жол ачарын баса белгиледи.

"Буга быйыл республика боюнча эң жогорку балл алган бүтүрүүчүбүз Нурбек кызы Акмарал алыскы Алай районунун окуучусу экендиги мисал. Биз өлкөбүздүн кайсы жеринде жашаганына карабай, ар бир өспүрүмдүн талантын ачууга жетишибиз керек. Ошол үчүн элет жериндеги мектептерди интернет жана башка окуу технологиялары менен камсыздоого өзгөчө көңүл буруп жатам", — деди ал.

Жээнбеков бүтүрүүчүлөргө ийгиликтерди, жаңы бийиктиктерди багынтууну каалады.

Алтын сертификатка кайсы аймактын бүтүрүүчүлөрү ээ болду? Рейтинг

"Келечекте силердей намыстуу жаштарга өлкөбүздүн тагдырын өткөрүп беребиз. Мамлекетибиздин тагдыры ишенимдүү колго өтөт деп биз силерге ишенебиз. Алдыга койгон максатыңар ишке ашып, аруу тилегиңер орундалсын!" — деп сөзүн жыйынтыктады өлкө башчы.

Белгилей кетсек, быйыл өлкө боюнча 67 бүтүрүүчү алтын сертификатка татыктуу болду. Алардын ичинен эң жогорку 229 баллды Алай районунун Кабылан-Көл айылындагы орто мектептин окуучусу Нурбек кызы Акмарал алды.

Жаңылыктар түрмөгү
0