Боронов: өлкө боюнча 49 ооруканага кычкылтек берүүчү аппараттар коюлат

© Sputnik / Сергей Пивоваров / Медиабанкка өтүүОорукана палатасы. Архив
Оорукана палатасы. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Өкмөт башчы кычкылтекти Кыргызстан эми башка өлкөлөрдөн эмес, жергиликтүү ишканалардан ала баштаарын кошумчалады.

БИШКЕК, 28-июл. — Sputnik. Өлкө боюнча 49 ооруканага жогорку баскычтагы борборлоштурулган кычкылтек берүү аппараттары коюлат. Бул тууралуу премьер-министр Кубатбек Боронов брифинг учурунда билдирди.

Өкмөт башчы адистердин айтымына таянып, кычкылтек концентраторуна караганда атайын борборлоштурулган кычкылтек берүү аппараттары натыйжалуу экенин билдирди.

"Айрым ооруканаларда бул система таптакыр жок. Бүгүнкү күнү Курулуш агенттиги өлкө боюнча 49 оорукананы тандап алды. Алардын баарына үч этап менен жогорку баскычтагы борборлоштурулган кычкылтек берүү аппараттары орнотулуп чыгат. Баш-аягы 3000ден ашык орунга коюлат", — деди премьер-министр.

Ал суюк кычкылтекти Кыргызстан эми башка өлкөлөрдөн эмес, жергиликтүү ишканалардан ала баштай турганын кошумчалады.

Өлкөнүн жети облусунда инфекциялык ооруканалар салына баштады. Тизме

"Өлкө аймагында "Майлуу-Суу лампа заводу" ишканасында жана Ысык-Көлдөгү "Улан" аскерлештирилген борборунда суюк кычкылтек өндүргөн эки ишкана бар экен. Аларга өлкөнү толук камсыз кылуу боюнча тапшырмалар берилип, иштер күчөтүлдү", — деди өкмөт башчы.

Буга чейин өкмөт ооруканаларга борборлоштурулган кычкылтек киргизүүнү тездетүү керектигин белгилеген.

Жаңылыктар түрмөгү
0